super.kg logo

Кадамжай районунда айыл чарба багытында семинар-кеңешме өткөрүлдү

 

Кадамжай районунда айыл чарба багытында семинар-кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айыл чарба эгиндерин өндүрүүнүн көлөмү, сапаты, үрөн менен камсыздоо, үрөнчүлүк чарбалардын ишмердүүлүгүн арттыруу, күздүк эгүү, кайра иштетүү жана экспорттоого арналган семинар уюштурулган.

"Иш-чарага өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев, район, шаар жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, үрөн чарбаларынын башчылары, район, шаарлардагы кайра иштетүүчү ишканалардын жетекчилери катышты.Семинардын жүрүшүндө облус боюнча үрөнчүлүк чарбалардын ишмердүүлүгү, 2017-жыл үчүн күздүк кылкандуу дан эгиндерин эгүү, күнөскана куруу, тамчылатып сугаруу, логистикалык борборлорду ачуу, айыл чарба продукцияларын өндүрүү, кайра иштетүү, стандартташтыруу, таңгактоо маселелери боюнча сөз болду", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Белгилүү болгондой, Баткен облусунда 23,1 гектар аянтка 13 тамчылатып сугаруу системи орнотулган. 3,143 гектар аянтка 50 күнөскана жана 11 логистикалык борбор ачылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: