super.kg logo

Чикаго шаарында Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган гала-концерт өтөт

 

АКШнын Чикаго шаарындагы Николс Холлдо 5-ноябрь күнү Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган классикалык музыка өкүлдөрүнүн катышуусунда гала-концерт өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG`ге учурда АКШда жашап жаткан кыргызстандык пианист, музыкант Азамат Сыдыков билдирди.

"Биз жаңы түзүлгөн Кыргыз-Америка фонду менен бирге Чикаго шаарында чоң концерт жана илимий иш-чараларды өткөрүүгө даярданып жатабыз. Фонд Чикаго шаарындагы белгилүү Николс Холлдо уникалдуу музыкалык шоу тартуулайт. Анда бул шаарда алгачкы жолу кыргыздын белгилүү таланттары Атай Огомбаев, Карамолдо Орозов, Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов, Таштан Эрматов, Михаил Бурштин, Муратбек Бегалиевдин жана америкалык композиторлордун чыгармалары жаңырат. Ошондой эле концертте кыргыздын элдик музыкалары аткарылат", - деди
А.Сыдыков.

Кыргыз-Америка фондунун максаты Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын элинин ортосундагы байланышты бекемдөө, маданият жана билимди өнүктүрүү, АКШда жашаган кыргыз диаспораларын колдоо экенин Азамат Сыдыков кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
27.09.2016. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыңар алга Кыргызстан!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: