super.kg logo

"Жеке ишкерди ур-токмокко алды" делген УКМКнын кызматкери: "Мен өзүмдү коргоого аракеттендим"

 
Ишкер Зарылбек Мааткалыков
УКМК кызматкери Замир Жолболдуев

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында "жеке ишкерди ур-токмокко алды" делген УКМКнын аталган аймак боюнча башчысы Замир Жолболдуев өзүн өзү коргоого аракеттенген. Мындай версияны SUPER.KG порталына Жолболдуевге таянып анын туугандары SUPER.KG порталына айтып беришти.

"Окуя болгон түнү жеке ишкер менен жол талашып кеткенбиз. Кийин мен бир шапалак салдым. Унаасында аялы бар экен, түшө калды. Анан аял кишиден айбыга түшүп, унаама кирип отурдум. Андан соң башымдын артына тапанча такап "өлтүрөм" деди. "Эмне кыласың, атасыңбы?" десем, "атамын" деди. "Атсаң башка эмес, жүрөккө ат" дедим. Жүрөгүмдүн тушуна тапанчаны мээлегенде, куралын түшүрүүгө аракеттендим. Экөөбүз мушташа кеттик. Андан кийин 2 унаа келип, 7-8 бала түшүп, мени уруп салышты. "Менден эмне каалайсыңар, силер айткандай болот" дедим. Ишкердин аялы инисин жардамга чакырып, доктурга, туугандарына жеткирген", - деп Жолболдуевдин айтканын анын туугандары билдиришти. Алардын ою боюнча, бул окуя Жолболдуевдин орду үчүн атайын уюштурулган иш болушу мүмкүн.

Эскерте кетсек, окуя 24-сентябрдан 25-сентябрга караган түнү Ноокат районунун аймагынан Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван айылына кире бериш жерде болгон. Жабырлануучу Зарылбек Маткалыков: “Окуя болордон 2-3 күн мурун иш бөлмөмө белгисиз адамдар келишип, Замир аттуу киши менен телефон аркылуу сүйлөштүрүшкөн. Анда ал “ишкер экенсиң, биздин алдыбыздан өтүп койбойсуңбу” деген. Мен анын сунушуна макул болгон эмесмин. Окуя болгон күнү келинчегимди тойго алып барып, кайра келе жатканбыз. Караван айылына 500 метр жетпей артыбыздан белгисиз унаа кысып, күйүүчү май куюучу жерден токтоого аргасыз болдук. Ал жерде эч ким жок экен. Анан унаадан белгисиз 3 адам түшүп, мени ур-токмокко алышты”, - деп билдирген.

Андан соң З.Маткалыков келинчеги менен бирге ооруканага барган. Артынан Замир Жолболдуев кечирим суроо үчүн келген. Анын мас абалда экенин текшерүү учурунда качып кетүүгө аракет кылган, аны милиция кызматкерлери кармап калышкан.

Ошол жерден аны убактылуу кармоочу жайга алып кетишкен, бирок анын бир аздан кийин эле эркиндикке чыгарылганын уктум. Учурда ооруканадамын, мага ар кимди жөнөтүп, кысым көрсөтүүдө. Укук коргоо органдарынан адилеттүү териштирүүнү талап кылат элем. Ошондой эле унаанын ичинде 156 миң сом бар болчу. Аны да уурдап кетишиптир”, - дейт Маткалыков.

Бул окуя боюнча УКМКнын басма сөз кызматы “Кызматтык иликтөө жүргүзүлөт. Мындан улам Замир Жолболдуев убактылуу кызматынан алынды” деп билдирүү тараткан.

Ал эми Ички иштер министрлиги “Эки тарап тең милицияга арыз жазды. Учурда топтолгон материалдар Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Териштирүү иштери жүрүп жатат” деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(17)
27.09.2016. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
уялбайт экен да
27.09.2016. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тим эле элдин баары ишенип калды,..
27.09.2016. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Бул Зарылбек деген жаш жигит бир жергиликтуу чиновниктин эрке баласы экен.Эч кимди тоготпогон вспыльчивый жигит экен.Бул 20-25 жаштагы жигитте кантип тапанча пайда б-п калды ошону дагын изилдеш керек.ГКНБнын кызматкери аялымды сабап салды дейт кана доказательство суроторун корсотпойбу.Бир туруп эле 50мин сомум алып коюшту дейт,бир туруп 150мин сомумду алып коюшту дейт кана Замирди жайыда кармапсынар акчаны табышкан жокко бул анык подстава.Замир полковник эч качан аял кишиге кол которбойт.
28.09.2016. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
KGstan1981,жоголгон сааттын сабы алтын деген макал бар. 156 сом болсо 156мин сом болду. Акча талап кылуунун жаны ыкмасы. Аллах бар. Эч болбосо акыретти ойлогула. Чынын айтып женилдеп алсанар болот. Жалган менен качанга чейин жашоо болот. Жабырлануучу больницада каткырып журот. Кудай тенеп коет барибир.
27.09.2016. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
owon u4un oto baiybai ele koigula
27.09.2016. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Анан эмнеге Замир телпейип мас да Зарылбек башын жарып отурат.
27.09.2016. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эмнеси болсо да ГКНБга позор. Илгери КГБшник дегенди эч ким тааныбай, иштерди секин бутурушчу экен, азыр масболуп жолдо мушташып журот. "Бирин кайын бирин тал бирин олуп брин кал" деген экен.
27.09.2016. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жомокту айтып бечара ишкерди камап жибербесе болду, анын ордун уюштуруп алып койгудай жеке менчиги бекен алып койсо Зарылбектин адамын койгудай!
27.09.2016. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эркек башын менен ушинтип актангыча олуп эле калбайсынбы? Уят ар намыс кадыр барк деген калбагандай бул кызматкерде. Ушул кылыктары менен бут укмканын атын булгадын..
27.09.2016. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кичине ыйлап койсо мумкун ишенип калар белек
27.09.2016. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Тиги жабырлануучуга деле ишенбей калдым,акчасын урдатппй карабайбы анан аялы,же акчасын машинага чачып коцгон бекен.Акча дененди катып салса керек эле.Бирок жакшы баары сен тарапта болгондо тиги кишинин бетин тырмап кал
27.09.2016. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Киного бул жагы.
27.09.2016. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Замир мырза Сиз бир шапалак менен кашын башын жарсаңыз. Алар жети сегиз бала болсо эмне кылды сизди. Уялбайсызбы кичине.Же башка адамдар ишене береби
27.09.2016. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги жеке ишкерге да ишенбей калдым, кечоо жакшы эле ишенип жаткам... Куноо экоонон тен эле кеткендей го. Анан да жеке ишкерде кайсы тапанча же тапанча менен жургон "крутойбу" тушунбодум... Кыскасы экоону тен камап туруп чындыкка жетуу керек...
27.09.2016. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Экоо тен жеткен артистер экен оздору эле бутуруп албайбы эл журтка шерменде болбой.
27.09.2016. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тапанчаны каалаган Адам мыйзамдуу турдо сатып алса,алып журсо болот.эмне эле тапанчага жабышасынар. Бул иштин жыйынтыгын убакыт корсотот.эки тарап тен жакшыле аракет КП жатат
27.09.2016. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жомок золушка бул жагы бир жолу машинасын токтотуп туфли кийгизип кордум кийбейм деди эле урдум дебептирда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: