Насыя алып, аны төлөй албай калгандар Ак үйдүн алдына митингге чыгышты



Бүгүн, 27-сентябрда насыя алып, аны төлөй албай калгандар Бишкектеги Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Алар депутаттардын эл алдына чыгып, арыз-муңдарын угушун талап кылышууда. Насыя алгандардын укугун коргоо кыймылынын өкүлү Кубан Чороевдин айтымында, 2016-жылдын 1-мартында аталган кыймыл резолюция кабыл алган.
“Резолюцияда "насыя алып, аны төлөй албай калгандар тууралуу Жогорку Кеңеште комиссия түзүлсүн” деген жобо бар болчу. Бүгүн биз ошону талап кылып, Ак үйдүн алдына чыктык”, - дейт Чороев.
Насыясын төлөй албай калгандар митингге чыгышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Акча зарык болуп алгандыр кредит
Бирок башка олколордо кредит алып толой албай кыйналып калсан озунун убактылуу сумага чейин проценти осуп токтотулат.
А бизде кыргызстанда наборот проценти осуп кетсе уйун алсам деп тилек кылып калышкан.