super.kg logo

Чоң-Алай районунун Кара-Кабак жана Кабык айылдары таза сууга муктаж

 

Чоң-Алай районунун Кара-Кабак жана Кабык айылдары таза сууга муктаж. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, таза суу маселеси өкмөттүн өкүлү Таалайбек Сарыбашовдун эл менен болгон жолугушуусунда айыл эли тарабынан айтылган. Өкүл элет элинин көйгөйлөрүн угуп, социалдык-экономикалык, инфраструктуралык курулуштар тууралуу пикир алышты. Ал Кашка-Суу, Дароот-Коргон, Кара-Кабак жана Кабык айылдарынын эли менен да жолугушуу өткөргөн.

"Белгилүү болгондой, Дароот-Коргон айылынын тургундары санариптик берүүлөрдү көрө албай жаткандыгын айтышкан. Мындан сырткары аталган айылда жол, электр энергиясы, курулуш иштерине байланыштуу көйгөйлөр өкүлгө айтылды", - деп айтылат басма сөз кызматынын маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: