super.kg logo

"Үркүн" тасмасын тар чөйрөдө көрсөтүү башталды

 

Бүгүн, 27-сентябрда Бишкектеги Кинематография департаментинде "Үркүн" тасмасы жабык эшик артында тар чөйрөдө көрсөтүлө башталды. Ага тасманын жаратуучулары, белгилүү режиссёр Нуртай Борбиев жана башка чыгармачыл инсандар, медиа өкүлдөрү катышууда. Аталган тасманын режиссёру Мухтар Атаналиев бүгүнкү көрсөтүүгө аз сандагы адамдар чакырылганын, тасманы көргөн соң ар бир көрүүчү өз пикирин билдире аларын, фильмдин презентациясы калың элге кийинчерээк көрсөтүлөрүн билдирди.

Тасмада кыргыз элинин бейпил жашоосу, ошондой тынч күндөрдүн биринде кыргыз-орус элдеринин ортосунда чыр чыгып, кыргыз айылынын кыргынга учураганы, өрттөлгөнү көрсөтүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Мухтар Атаналиев: "Үркүн" тартылып бүткөндөн кийин көрсөтүүгө тиешелүү тараптардан уруксат берилбей жатат. "Бул жерин алыш керек, жумшартыш зарыл. Орустар менен мамилебизди эми жакшыртып келатканда ушуну тартып эмне кереги бар эле?" деп кайра кишини күнөөлүү кылышат", - деп маектеринде билдирген эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
27.09.2016. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уркун деп айтып турбайбы кыргыз элим чыныгы тарыхты билуу керек элибизге ушул тасманы корсотуу койгойлуу маселе болдугой
dastan_2016 түзөттү 2016-09-27 20:41:25
27.09.2016. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустардын озун Карабай коргозо беришпейби
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: