super.kg logo

"Үркүн" тасмасынын атын өзгөртүп, элге көрсөтүүңүздөрдү сунуштайм" дейт Кыргыз Республикасынын Эл артисти Нуртай Борбиев

 

Бүгүн, 27-сентябрда Бишкектеги Кинематография департаментинде "Үркүн" тасмасы жабык эшик артында тар чөйрөдө көрсөтүлдү. Аталган тасманын режиссёру Мухтар Атаналиев бүгүнкү көрсөтүүгө аз сандагы адамдар чакырылганын, тасманы көргөн соң ар бир көрүүчү өз пикирин билдире аларын, фильмдин презентациясы калың элге кийинчерээк көрсөтүлөрүн билдирди.

Тасмада 1916-жылдагы Үркүн окуясы баяндалат. Ак карлуу тоону ашып баратканда тоӊуп өлгөн, карышкырга таланып жем болгондор, таяктар менен куралданган кыргыздардын атылып өлтүрүлгөнү, бир табак унга кыздары сатылган кайгылуу окуялар көрсөтүлөт. Тасма аяктаган соӊ КРнын Эл артисти, белгилүү оператор, режиссёр Нуртай Борбиев, жазуучу Мар Байжиев, тасманын режиссёру Медин Учкеев жана башкалар өз пикирлери менен бөлүштү.

"Үркүн темасы абдан ыйык да, аялуу да тема. Ар ким эле батынып тасма тарта бербейт. Биздин канча деген мыкты, залкар режиссёрлорубуз тартууну ойлонуп жүрүшкөн. Абдан көп эмгек жумшалганы байкалып турат, бирок кемчиликтери да бар экен, айта берсе сөз көп. Үркүн - чоӊ түшүнүк бере турган, кыргыз элинин түпкүрүндө сакталып жаткан көркөм тема. Азыркы жаштарга Үркүн оӊой эле болуп калган деген түшүнүктү жеткирбешибиз керек. Ооба, тасмадагыдай эле болгон, бирок мындан да катаал болгон. Ыйык тема деп кайталай кетейин, ошон үчүн тасманын атын өзгөртүп, элге көрсөтүүнү сунуш кылам", - деди Нуртай Борбиев.






"Үркүн" тасмасы тар чөйрөдө көрсөтүлдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(18)
27.09.2016. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Үркүн деген сөздү өзгөртөм дейби?
Мындай кылганыңар болбойт ата -
бабабыздын арбактары ыраазы болбой калат эхх...
27.09.2016. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Atas,
Уркун деген созго татыктуу болбой калган
окшойтда
27.09.2016. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Sharos3,
Татыктуу эле тартылган сыяктуу муноздомосуно караганда. Мен ойлойм; РФ менен болгон мамилеге доо кетет деп жатышат фильмдин атын озгортууну каалагандар.
28.09.2016. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Medina87,ооба.ошентип да жатышат .бирок мамилебиз бузулат деп тарыхыбызды унутканыбыз туура эмес болуп калат .
27.09.2016. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эмне учун атын озгортуу керек??
Уркундо эл урккону жалганбы?
Тарыхты бурмалабай так тартылса да тарткынчыктаганынар неси??
Оз алдынча Суверенитеттуу Мамлекетпиз жч кимге коз карандысыз!!!
Демек, жеке мен атын озгортууго каршымын!!
Тарыхты мин бурмаласан да элдин кокойундогу калган зарды кантесин?!
28.09.2016. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми дагы деле буттан тартмайбы ? Үркүн туура эле коюлган.
28.09.2016. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Даяр тамакты алып келип койсо "тузу аз, майы коп" дегендей кылбай, кыйын экен тартышпайбы мурдараак.
28.09.2016. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
туугандар биринчи коруп анан жыйынтык чыгарсак!!!
28.09.2016. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чындык чычалатат деген чында. Кинонун аталышын өзгөртүү болбойт. Кийинки муунга тарых бурмаланып калат.
28.09.2016. 06:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Үркүнгө жүз жыл болду кандай кино тартсак да өзүбүз билебиз үркүндө не болгонун елдин баары билет ошон мен ойлойм болгонун болгондой кылып тартыш керек
28.09.2016. 08:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Россия мн мамилелери чатакташып калуудан чочулап жатышат. Салам Бишкек ж.б ушул сыяктуу кино болгондо давно уруксат берилмек.
jazolina түзөттү 2016-09-28 08:25:08
28.09.2016. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
без толковый маршурут
ээн уй
алма кайык
оозу кыйшык деген идиотизм кинолорду сындамак турсун коргунор келбейт жакшыраак чындык тууралуу тартса ач калган бургодой жабышасынар да каласынар.Демек кино мыкты чыккан ошон учун коро албастык кылып жатасынар ичи тарлар
28.09.2016. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мар Байжиевтин Маркумдар уну китебин тасмага тарчуу болсо бул да сонун чыкмак
28.09.2016. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура,буткон ишке сынчы коп.Бирок сынынан откоргондор пофессионалдар экенин дагы унутпасак.Курманжан Датканы билесинер.Ал кинону мындан дагы мыкты тартса болот эле,эгер кобуроок акча болгондо.Эми Датка кайра тартылбайт.Уркун дагы ушундай эле.Эгер Уркун деген ат менен чыгарсак кийин кайра тартыш кыйын болуп калат.Бир учурлары мыкты профессионалдар чыгаарына,жана коп суммадагы акча болунуп мыкты денгээлде тартышаарына ишенем.Мындай проектилер жок дегенде 10 млн$ дан жогору акчага тартылыш керек.
SUPER.KG видео
28.09.2016. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч тушунбойм атка минерлерге. Не иши бар саясатчыларга. Эл корот го аны тобо.
Медиа-портал
28.09.2016. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мейли мамиле өзгөрөт деп атын өзгөртсө. Мен бул фильмдт көрсөтпөй коёбу деп жаттым эле. Көрсөтүп жатканына сүйүнөлү! Кыргызстан үчүн чоң кадам бул! Казактар, өзбектер орустардын кыргыны жөнүндө фильм тармак тургай сөз кылбай эле олтурушат.
Медиа-портал
29.09.2016. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өтө эле сонун тартылган бийлик кылбаганды жеке адамдар тартып жатышат ийгилик коштосун буйруса эң жакшы кино болот
SUPER.KG видео
30.09.2016. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: