super.kg logo
  Саясат  

Мэрия: "Президенттин катышуусу менен тигилген сакура көчөттөрү уурдалганын милиция кызматкерлери жашырышты"

 
Д.Асанов атындагы сейил бактын сакура көчөтү отургузулган аймагы
Жакшы тилектер менен тигилген бардык көчөттөр минтип бүчүр байлаптыр

Бүгүн, 16-апрелде айрым маалымат булактары аркылуу 6-апрелде Бишкекте президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусу менен отургузулган сакура көчөттөрүнүн уурдалгандагы тууралуу кабар тараган. Бишкек шаардык ИИББи мындай маалыматтан кабарсыз экенин билдирген соң борбор шаардагы Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багына барып, бир дагы көчөт уурдалбаганына күбө болдук. Бирок ушул эле күнү борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы көчөттөрдүн 14 даанасы 15-апрелден 16-апрелге караган түнү уурдалып, аны милиция кызматкерлери ордун толукташ үчүн башка бир дүкөндөн сатып келип отургузганы айтылды. Учурда Бишкек ШИИББи тарабынан көчөттөрдү уурдагандар изделүүдө. Айта кетсек, 6-апрелдеги ишембиликте өлкө башчы Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жана Япониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикенин катышуусу менен аталган сейил бакка 145 түп сакура көчөтү тигилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: