super.kg logo

Кыргыз-казак чек арасындагы “Токмок” көзөмөл-өткөрүү бекети оңдолууда

 

Кыргыз-казак чек арасындагы “Токмок” көзөмөл-өткөрүү бекети оңдолууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Жаңы долбоорго ылайык, чек ара бекети эки кабаттуу болуп чоңойтулуп, анда жүргүнчүлөрдү каттоо, паспортту текшерүүчү жана административдик, кызматтык бөлмөлөр жайгашат. Ошондой эле унааларды текшерүүчү жабык жай, жөө адамдар өтүүчү атайын жол да курулат”, - деп айтылат Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында.

Буга чейин айрым жарандар “Токмок” көзөмөл-өткөрүү бекетинин жабылышына нааразы болушуп, чек арадан өтө албай жатышканын билдиришкен эле.

Бул боюнча Мамлекеттик чек ара кызматы курулуш иштери бүткөнчө аталган бекет жабык болорун, мындан улам жарандар жакынкы “Кең-Булуң”, “Ак-Жол”, “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү жайларынан мамлекеттик чек араны кесип өтсө болорун маалымдады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: