Таласта кырсык коркунучтарын талдоо жана алдын алуу боюнча семинар өткөрүлүүдө

Талас облусунун Кара-Буура районунда кырсык коркунучун талдоо жана алдын алуу боюнча семинар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык болуу коркунучу бар жерлерге талдоо жүргүзүү, кырсык болуу коркунучун азайтуу максатында атайын окуу уюштурулган.
"Өткөрүлгөн окууга ӨКМнын 25 кызматкери катышты. Райондук коомдук тартипти сактоо кызматынын өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, айыл башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары, социалдык адистер, орто мектептердин мугалимдери жана бала бакчалардын тарбиячылары катышууда. Тренинг-семинар 29-сентябрда жыйынтыкталат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.