super.kg logo

Саясат таануучу Даниел Кадырбеков: "Азыркы бийликте өнүгүү боюнча прогрессивдүү идея жок"

 

Саясат таануучу, Япониянын Кобе университетинин бүтүрүүчүсү Даниел Кадырбеков бүгүн, 28-сентябрда Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкарууга кызматкерлерди тандап алуу системине пикирин билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик башкарууда "патрон-кардар" системи өкүм сүрүп жатат.

"Көз карандысыздык алганыбызга 25 жыл болгонуна карабай өлкөбүз өнүгүүнүн жалпы максатына ээ заманбап улуттук мамлекет катары калыптана албай жатат. Ошондуктан өнүгүүгө прогрессивдүү идеясы жок өлкө жетекчилиги компетенттүүлүктү эмес, "лоялдуулукка" негизделген феодалдык тажрыйбаны карманууда. Албетте, мындай тажрыйба Акаев менен Бакиевдин учурунда да болгон. "Трайбализм жана регионализм" аралашмасын пайдаланышып өздөрүнүн балдарын жана жакындарын жооптуу кызматтарга дайындап, ресурстарга жетүүгө лоялдуу адамдарга гана мүмкүнчүлүк беришкен. Атамбаевдин тушунда да бул тажрыйбаны көрүүгө болот, бул "патрон-кардар" байланыш тибиндеги систем. Ошондуктан өнүгүүнүн идеясын сунуштагандын ордуна мамлекет жетекчилиги коом алдында душман издөөнү гана билет.

Таң каларлык эмес, өнүккөн өлкөлөрдө эгерде иштөөгө жөндөмүң болсо, сенин ким экениңе карабай жумушка алышат. Барак Обама, Ангела Меркель же Марк Цукерберг, буларга лоялдуу эмес, компетенттүү адамдар керек. Анткени алар "лоялдуулук" белгиси боюнча өзүнүн командасын түзгүдөй кылмыштуу топ эмес. Азырынча биз мамлекеттик кызматкерлери профессионалдар, салык төлөөчүлөр алдында таза адамдар болгон мындай өлкөлөргө суктанып гана турабыз. Мындай коомго жетүүнүн биринчи кадамы - эл өзүнүн башкаруучуларынан жоопкерчиликти талап кылышы керек. Кымбат мүлк алууга акчаны кайдан тапты, эмне үчүн айрымдардын чыгашасы кирешесинен 10 эсе көп? Жоопкерчилик болмоюнча легитимдүүлүк жана ишеним болбойт", - дейт Кадырбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: