Оорукана жана мектеп жетекчилерине кирешеси тууралуу декларация тапшыртуу сунушталууда
"Кыргызстандагы ооруканалардын жана мектептердин жетекчилерин кирешеси тууралуу декларация тапшыртууга милдеттендирүү керек". Бул пикир Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин 16-апрелдеги жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева тарабынан айтылды. Эл өкүлү белгилегендей, аталган мекемелерде коррупциялык иштердин деңгээли жогору. Орто мектептердин директорлору менен оорукананын башкы дарегерлери жогорку кызмат адамы болбосо да, декларация тапшырууга милдеттүү экенин баса белгиледи Алтыбаева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

