Москвада мекендештери тарабынан сабалган кыргыз жараны окуянын чоо-жайын айтып берди




Москвада мекендештери тарабынан сабалган 25 жаштагы Кыргыз Республикасынын жараны окуянын чоо-жайын орусиялык телеканалдардын бирине айтып берди. Белгисиз адамдар аны 5 саат кыйнап, 200 миң рубль талап кылышкан.
“Москвадагы компаниялардын биринде менеджер болуп иштеп жаткам. Ошол учурда эки кызды жумушка алгам, бирок алар эртеси эле “кетебиз, акчабызды бер” деп башташты. Мен аларга башкы эсепчиге баруулары керек экенин айткам”, - деп айтылат жабырлануучунун маегинде.
Орусиялык телеканалдардын биринин маалыматына караганда, менеджерге ачууланып калышкан эки кыз Москвадагы тааныш адамдарына кайрылышкан.
“31-август күнү 6 адам мени токойго алып барып, 5 саат сабашты. Ошондой эле бычак, тапанча менен коркутуп, 200 миң рубль талап кылышты. Акыры туугандарыма чалып, 20 миң рубль таап бердим. Анан алар документтеримди алып калышып, калган акчаны таап келиш үчүн коё беришти”, - дейт жабырлануучу.
Айта кетсек, бул кылмышка шектүү катары 6 адам кармалган. Алардын баары кыргыздар болушкан. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилишип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Кыргыз жараны мекендештери тарабынан 5 саат кордолгон



Андай болсо арыз жазмак беле?
Мен ойлмдум деп эле оозунарга не келсе суйлой бересинерби?
Себеби; Москвада озубуздун эле жердештер жумушка киргизип ортомчулук акысын алып, же айлыгын бербей алдап кеткен учурлар бар экенин айтып эле журушпойбу.