Жанар Акаев: "Айрым ойлоп табуучулар депутаттардан акча сурап жүрүшөт"

Жогорку Кеңештин 28-сентябрдагы жыйынында "Илим жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат. Анын жүрүшүндө депутат Жанар Акаев Улуттук илимдер академиясынын жетекчилигине кайрылып, жаш интеллектуалдар менен тыгыз иштешүүгө чакырды.
"Учурда жаштардын басымдуу бөлүгү юрист же экономист болууну каалашат. Илимге кызыккандар барбы? Башка багытка көбүрөөк кызыгуу болуп жатат. Аймактардагы университеттердеги жаштарды илимге кызыктыруу зарыл. Алар үчүн илимий-практикалык иш-чараларды өткөрсө болот. Тилекке каршы, айрым ойлоп табуучулар депутаттардан акча сурап жүрүшөт. Улуттук илимдер академиясы ойлоп табуучулар менен тыгыз иш алып барбаганы үчүн уялышы керек", - деди Акаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-02

Рейтинг:
0

......kaiktagy bir jinokoi adamdarga asylasynar Unkurtoogo ozbekter kirgende kaarany korunboi ketigo....Chubak ajyga da asilip uyt boldun esin barda eteginde jap.. Janar Alailyktar Ar namystu el bol4u kattu tiyse ke4ir..