super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Көп сындар айтылып, Мирбек Иманбеков экөө кыз-жигит дегендер болду" дейт Нуркыз Кожонова "Сен бар үчүн" ырынын клиби тууралуу

 

"Медиа-портал" бөлүмүндө ырчылар Мирбек Иманбеков менен Нуркыз Кожонованын "Сен бар үчүн" дуэтинин клиби колдонуучулар тарабынан кызуу талкууга алынган. Кээ бири "клип жакшы тартылган" десе, башкалары "көчүрмө клип, изденүү жок" деген сындарды айтышкан. Нуркыз Кожонова тартылуу процесси, клипке карата айтылган сындар тууралуу буларга токтолду:

"Клип өткөн жылдын октябрь айында Бишкек шаарында тартылган. Көчүрмө эмес, идеясы клипмейкер Бейпил Маманов менен Иманбековго таандык. Күн суукта тартылган эле, тартуу иштери бүткөндөн кийин Мирбек экөөбүз сыркоолоп калганбыз. Кечке чейин шиш така менен жүрүүгө туура келип, соңунда буттарым ооруп баса албай калгам. Кызыгы Мирбек байкени күткөнүбүз болгон. Саат 11де бийчи кыздар менен жолугушубуз керек болчу, бирок ал телефонун өчүрүп уктап калыптыр. Кайра-кайра чалып жатабыз же албайт, 3-4 саат күтүп отургандан кийин келген".

Ал эми элдин түрдүү сын-пикири жөнүндө мындай дейт:

"Ооба, клипке карата абдан көп сындар айтылды. Жадакалса Мирбек экөөбүздү кыз-жигит дегендер да болду. Ал гана эмес, социалдык тармактагы баракчама түрдүү жакшы-жаман сөздөрдү жазып жатышты. Акыры элдин мындай мамилесине көнүп, көңүл бурбай коюуну үйрөндүм".

Мирбек Иманбеков менен Нуркыз Кожонованын "Сен бар үчүн" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.09.2016. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не могу поверить что когда то фанатели от него))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: