КҮНСЕРЕП: Коомдук талкуу бийликтин фобиясына айланды
Бүгүн, 28-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Конституцияны өзгөртүү аракети боюнча КСДП баштаган демилгечилер 27-сентябрда өткөн коомдук талкууга келбей коюшту. Авторлор демилгени эксперттер жана өзгөртүүгө каршы тараптар менен маңдай-тескей отуруп ачык талкуулоодон сестенип же тоготпостук кылып жатышат. Саясат таануучу Рита Карасартова “Конституцияга өзгөртүүлөр: жол берилбестик же зарылчылык” деп аталган форумга 30дай депутат, анын ичинде демилгечилер чакырылганын, бирок Өмүрбек Текебаев, Чолпон Жакупова жана Алмамбет Шыкмаматовдон башкалары келбегенин айтты. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун талкууга барбай, ошол эле күнү парламенттин тармактык комитетинде "Референдум жөнүндө" мыйзам долбоорун өткөрүү менен алпурушуп отурганын сындады. Фракция лидерине коомдук талкууга барып берилген суроолорго жооп таба албай кыйналгыча, комитет отурумунда бийликке керектүү мыйзамды коргоо жеңилирээк жана пайдалуу эмеспи. Бүгүнкү күндө Өмүркулов Конституцияга өзгөртүүлөрдү жактап жаткандардын башында турат. Өзгөртүүгө каршы чыккан Текебаев эгерде кеп Иса Өмүркуловдо болсо, тил табышууга мүмкүн болмок экенин, бирок маселени андан жогору тургандар чечип жатканын айтты.
Конституцияны өзгөртүү аракетинин башында тургандар бүгүн "коомдук талкуулар жетиштүү деңгээлде өттү" деп жатышат. Президент Түркияда дарыланып жаткан жеринен Конституцияны өзгөртүү мыйзамынын долбоору менен таанышып, аны колдоорун айтып билдирүү тараткан. Анда "6 жыл бою элибиз Конституцияга оңдоо киргизүү зарылдыгын талкуулап келди, дээрлик 2 ай коомчулук аталган мыйзам долбоорун талкуулады" деп айтылат. Бул талкуулар кайда өткөнүн так түшүндүрүп берген киши чыкпады. "Эл менен жолугушууларда сүйлөшүп жаттык" деген Өмүркуловдун жообу көпчүлүктү, айрыкча бийликтин оппоненттерин ынандыра албасы бышык, анткени элдин баарынын эле Конституциянын маңызын түшүнүүгө чамасы жетпейт. Чыныгы талкуу ачык аянтта, долбоорду жактагандары да, каршылары да катышкан жолугушууларда жүрүшү керек эле. Андагы талаш-тартыштар, айтылган аргументтер массалык маалымат каражаттары аркылуу элдин калың катмарына жеткирилиши шарт болчу. Ошондо элде демилгени таразалап алууга мүмкүндүк жаралмак. Текебаев, Жакупова баштаган саясатчылар бүгүн дал ушул маселени айтып жатышат. "Өлкөнүн кайсы жеринде, кайсы жогорку окуу жайда же мекемеде коомчулуктун катышуусунда талкуу жүрдү?" деген суроо кайра-кайра берилгени менен, жоопсуз калууда. Эгерде президенттин тегерегиндеги адамдар менен айрым эксперттердин пикир алышуусун авторлор "коомдук талкуу" деп атап жатышса, бул - элди сыйлабастык. Анткени авторлор бүгүн "долбоор эксперттер жана юристтердин катышуусунда даярдалды" деп билдиришүүдө. Жарандык активисттер "чогуу талкуулайлы" деп чакырган жерлерге барбай жатышат. Бийликтегилердин мындай мамилеси, Конституцияны өзгөртүүгө керек мыйзамдардын, депутаттар айткандай, парламент менен өкмөттөн процедураларды бузуу менен, болгондо да шашылыш өткөрүлүп жатышы күдүктөнүүлөрдү күчөтөт. Тоготпостук, 6 миллион жарандын тагдырына тийиштүү документти ачык талкууга чыгаруудан качуу - кооптуу элемент. Демилгечилер айтып жаткан кеңири талкуулардын жыйынтыктарын, түзүлгөн протоколдорду көргөн киши жок. Болсо, жарыялап коюшса жакшы болор эле...
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин атайын комиссиясы өлкөнү кыдырып, айылдардагы китепканалар менен клубдардын абалын аныктайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар тобу тарабынан маданий мекемелерге жеңилдик берүү максатында иштелип чыккан "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканда аталган министрликтин башчысы Түгөлбай Казаков билдирди. Маданият үйлөрүнүн абалын жакшыртуу аракети колдоого аларлык. Ырчы-чоорчулар кыдырып концерт бергенде Маданият үйү жок, дөңсөө жерге же оор жүк ташуучу унаанын үстүнө чыгып алып өнөрүн тартуулаган айылдар республикада көп. Союз маалында курулган клубдардын көбүнүн имараттары жараксыз абалда. Бир эле мисал. Жакында Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы Маданият үйү жараксыз абалга келгенин айтып окурман SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө маалымат жөнөттү. Жергиликтүү тургун маданий мекеме 7-8 жылдан бери каралбай калганын айтып, аны оңдоону өтүнгөн. Министр айткан комиссиянын сапары аталган айылга да жетер. "Комиссиянын иш жыйынтыгына жараша министрлик айыл жергесиндеги маданият мекемелеринин ишин жандандыруу жаатында атайын программа иштеп чыгат", - деди министр.
Убада берүү оңой, аткаруу кыйын экенин кыргыз саясатчылары тастыктап келе жатышат. Өзгөчө шайлоолордо берилген убадаларды шайлоочулардын зарыга күтүүсү кадимки көрүнүш. Бүгүн Конституцияны өзгөртүүнү колдоп жаткан "Кыргызстан" фракциясынын өкүлдөрү 2015-жылкы парламенттик шайлоодо ар бир жаңы төрөлгөн ымыркайга 50 миң сомдон берүүнү убадалаган. Аталган партиянын парламентке келгенине 1 жылга жакындады, 50 миң сомдук бир жолу берилүүчү төлөм ыйгаруу убадасы ишке ашырыла элек. Ишке ашары же ашпай турганы азырынча белгисиз. Анын сыңарындай, министрдин сөзү да кагаз жүзүндө калбастан ишке ашырылса болгону. Аталган министрликти Камила Талиева жетектеп турганда маданият ишмерлери маданиятты жоктоп Өкмөт үйүнө өкүрүп барышкан. Андан бери деле тармакта укмуш өзгөрүү боло элек.


