super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 29-СЕНТЯБРЬ: Украиналык атактуу футболчу Андрей Шевченко 40 жашка толду

 

Атактуу украиналык футболчу Андрей Шевченко 40 жашка толду. Ал 1976-жылы 29-сентябрда Киевдеги Яготинский районундагы Дворковщина айылында туулган. Атасы Николай аскер адамы болгондуктан Андрейди да армия жашоосуна көндүрүп, андан мыкты аскер кызматкерин чыгарууну тилеген. Бирок Андрей баары бир көздөгөнүн берген эмес. 1-классты аттагандан тарта классташтары менен топ тээп, футболдун кызыгына азгырылып калган. Ал катышкан турнирлердин биринде киевдик "Динамо" балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин машыктыруучусу Александр Шпаков өспүрүмдүн футболго болгон ынтызарлыгын байкап, өзүнө чакырган. Андрейдин ата-энеси баласынын футбол менен машыгуусуна каршы чыкканда Александр Шпаков аларды көндүрүп, Андрейдин таланты бар экендигине, андан мыкты футболчу чыгарына ынандырган. Ошондон баштап Шевченко футбол менен профессионалдуу түрдө машыгууга өтөт.

Шевченко 1993-жылдан 1999-жылга чейин "Динамонун" курамында оюн көрсөткөн. 1999-жылы аны италиялык "Милан" клубу 27,5 миллион долларга сатып алган. Андрейдин дүйнөгө таанылып, атактуу футболчу болуусуна, "Алтын топ" сыйлыгын алуусуна дал ушул клубдагы оюну себеп болгон.

Ал 1995-жылы Украинанын улуттук курамасына чакырылып, 2012-жылга чейин ойногон. Жалпысынан 111 оюн өткөрүп, 48 гол жараткан. Футболчу 5 ирет Украинанын чемпиондугун, 1 ирет Италия чемпиондугун, 1 ирет Чемпиондор Лигасын уткан.

Шевченко 2006-жылдан 2009-жылга чейин англиялык "Челсинин" курамында болуп, айрым маселелерден улам ийгиликке жете алган эмес. Карьерасынын акыры келип калганын түшүнгөн футболчу "Миланга" кайтып, анан "Динамого" келип оюн көрсөткөн. 2012-жылы карьерасын жыйыштырган. 2016-жылы Украинанын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Буга чейин ал машыктыруучунун жардамчысы катары эмгектенип келген.

29-сентябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.09.2016. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шевченко кош келдин 40 жашка
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: