super.kg logo

Беш жыл бою көчө шыпырган эненин эмгеги (фото)

 

"Бейиш бала төрөп, бапестеп баккан эненин таманынын алдында" деп айтылып келет. Баланы тогуз ай көтөрүп, түн уйкусунан калып, бешик ырын ырдап чүрпөсүн баккан эненин эмгеги, энелердин асыл наркы, жылуу мээрими жөнүндө айта берсе сөз түгөнгүс.

Күн сайын көчө шыпырып, ак эмгек менен нан таап жеген Ирсалат Кадырова жөнүндө сөз кылабыз.

Базар-Коргон районунун тургуну Ирсалат Кадырова 51 жашта. 2002-жылы үй-бүлөсү менен борбор калаага көчүп келген. Жаңыдан Бишкекке келгенде бардык эле үй-бүлөлөрдөй оор турмушту баштан кечиришкен. Ошол эле учурда үй-бүлө менен талбай эмгектенип, бүгүнкү күндө пенсия курагында.

"Күн сайын көчө шыпырып, таңкы 05:00дө жумушка чыгып, 09:00гө чейин иштейбиз. "Тазалык" ишканасында иштегениме 5 жыл болду. Бул жумушта иштегениме нааразы эмесмин. Таң эртеден көчө шыпырып, жашоочуларга жагымдуу маанай тартуулоонун өзү ырахат. Ден соолугум абдан жакшы. Бир жагынан таң эрте жумуш кылсам, жумуш менен алаксып дене тарбия, көнүгүү жасагандай болом. Айрым жаштарга окшоп алсыз эмесмин", - деп билдирди Кадырова.

Көпчүлүк адамдар көчө шыпырып иштесе оор турмушта жашаган адамдай кабыл аларын айткан Ирсалат айым өз жумушу менен алектенип, жолдошун да "Тазалыкка" жумушка кирүүгө үндөгөн. Анын жолдошу буга чейин Бишкек шаарында мал алып сатып, соода менен алектенип келген. Акыркы 2 жылдан бери "Тазалык" ишканасына жумушка кирип, көчө шыпырат.

Каарманыбыздын 2 кыз, 5 уулу бар. Балдары турмуштан өз ордун таап кетишкен. Алардын очогу башка болсо да ата-энесине каралашып, күн сайын кабар алып турушат. Балдарынын "иштебеңиз" дегенине карабай көчө шыпырып, жумушуна кызыгат. Жолдошу экөөлөп иштеп, ай сайын 15 миң сом айлык акы алышат. Бул каражат алардын турмуштук керектөөлөрүнө жетерин айтат.

"Кыздарым, балдарым башында иштебеңиз деп жүрүштү, азыр көнүп калышты. Бирок азыр да чогулуп чай ичип отурганда "иштебей эле койбойсузбу" деп калышат. Кызымдын жолдошу, күйөө балам Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгында иштейт. Жашообуз жакшы. Балдарымдын баарына үй алып бердик. Мен бир күндө 4 саат иштеп, калган убактарда неберелерим менен үйдө болом. Алар менен сүйлөшүп, кичинелери менен ойноп эс алам", - дейт каарманыбыз.

Ирсалат Кадырова жаз, жай, күз айларында көчө шыпырып иштесе, кыштын 3 айында колуна күрөк кармап кар күрөп иштейт. Өмүр бою өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп, тамеки, чарба иштеринде эмгектенип, 1700 сом пенсия алат. Пенсияга чыгарда "архив өрттөнүп кетти" деген шылтоо менен аз пенсияга чыгарышкан. Эмгектеринин баары күйүп кеткенин айткан эне азыркы жашоосуна шүгүр кылып, мамлекеттин колун карабайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(5)
29.09.2016. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Өмүрүңүз узун болсун. Ак эмгекке эмне жетсин.
29.09.2016. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кыскасын айтканда эркек экенсиз. Аллахым өмүрүңүздү берсин, кылып жаткан эмгегиңиздин үзүрүн көрүң. Азыркы кыздар ушул эжеден үлгү алса болмок сойку болуп арам акча тапкандан,көчө шыпырып адал акча тапкан жакшы эмеспи.АЗАМАТСЫЗ ЭЖЕ
29.09.2016. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Adidas_91,эркек экенсиз дегениниз жакпады.
29.09.2016. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ден соолукта болунуз...
29.09.2016. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Саарлап туруп кочодо чуркаганды жакшы кором.Эмнеге дегенде саарлап аба аябай таза,ден соолугуна да пайда анан дагын кочо тынч болот. Ирсалат эжеге дагын ден соолук тилеймин жумушунузга ийгилик каалаймын сиздер барсыздар борбор каалабыз кичине болсо дагын тазаланып турат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: