super.kg logo

Баткенде “Биз Кыргыз мамлекетинин жараныбыз” аттуу этномаданий фестиваль өткөрүлдү

 

Баткенде “Биз Кыргыз мамлекетинин жараныбыз” аттуу этномаданий фестиваль өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, фестивалга облустагы ар улуттун өкүлдөрү, райондордо жана шаарларда жашаган этностук топтордун өкүлдөрү, коомдук консультативдик этностор аралык кеңешменин мүчөлөрү, коомдук уюмдун башчылары, элдик кол өнөрчүлөр катышты. Жалпысынан 350 адам катышкан салтанатта түрдүү көргөзмөлөр, маданий оюн-зооктор тартууланды.

"Фестивалдын алкагында жарандарды ынтымакты, достукту, өз ара сыйлашууну, калк арасында башка улуттар менен мамилелердин чыңдалышын күчөтүүгө чакырык жасалды. Ошондой эле экстремизм, радикализмдин жана этникалык улутчулдуктун таасирлерин азайтуу максатында калк арасында, айрыкча жергиликтүү жамааттардын деңгээлинде жаштардын арасында алдын алуу иштерин уюштурууну күчөтүү абзел экендиги айтылды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске салсак, өлкөдө 80ге жакын ар улуттун өкүлдөрү жашайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: