Эксперт: Жал-Артис кичи районундагы үйлөр жарылышы мүмкүн"
"Газ түтүктөрү туура эмес киргизилгендиктен, Бишкектин “Жал-Артис”
кичи районундагы үйлөрдө жарылуу болушу мүмкүн". Мындай маалыматты бүгүн,
16-апрелде эксперт Керимбек Сарыбашев маалымат жыйында билдирди. “Кичи
райондогу 18 үйгө газ жабдуулары туура эмес туташтырылган. Мен “Кыргызгаз” ишканасынын адиси катары 2007-жылдан бери бул райондогу үйлөргө газ берүүнү 16-кабатка
чейин чыгарбоо керектигин айтып келем”,- деди
ал. Анын айтымында, учурда "Кыргызгаз" ишканасы ал жердеги туура эмес иштердин жасалышына уруксат бербегенин айтууда.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

