“Манас” аэропортунда 27 жаштагы жаран башка адамдын паспорту менен кармалды
“Манас” аэропортунда 27 жаштагы жаран башка адамдын паспорту менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 28-сентябрь күнү Москва-Бишкек каттамындагы №962-рейсти каттоо учурунда 1988-жылы туулган Т.К. аттуу кыргыз жараны чек арачылар тарабынан кармалган.
"Анын паспортун текшерүү учурунда башка адамга тиешелүү экени аныкталган. Кармалган жарандын айтымында, өзүнүн паспортун жоготуп алгандыктан, тууганына тиешелүү паспорт менен өтүүгө аракет кылган. Учурда ал адам УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.