super.kg logo
  Саясат  

Конституцияны өзгөртүүнү жактаган Канат Исаевди депутат Салянова жарга такады

 

Жогорку Кеңеште Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө жол ачкан "Референдум жөнүндө" мыйзамды жактап жаткандар депутат Аида Салянованын "Конституциянын кайсы беренесинин негизинде өзгөртүү киргизүү демилгеленди?" деген суроого так жооп бере албай жатышат.

"Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев бир катар беренелерди атады, бирок Салянова ал беренелердин мааниси таптакыр башка экенин айтып, Исаевди долбоорду жакшылап окуп чыгууга чакырды. "Туура, Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү парламенттеги депутаттардын үчтөн экиси демилгелей алат, бирок ал 2020-жылдан кийин болот. Ал эми сиз айткан 29-берене референдум дайындоого тийиштүү берене. Демилгечи катары документти жакшылап окуп алыңыз", - деди Салянова.

Салянованын башка суроолоруна Исаев юристтер жооп берсе жакшы болорун, долбоорду даярдап жатканда 4 фракция эксперттик топ түзгөнүн, ага юристтер киргенин айтып кутулду.






Аида Салянованын суроолоруна Канат Исаев жооп бере албай койду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 9 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: