super.kg logo
  Саясат  

Конституцияны өзгөртүүчү мыйзам долбоору кыргызчага которуудагы каталары менен парламентке кирди

 

Конституцияны өзгөртүү маселеси талкууланган тегерек столго 70тей адам катышты. Муну парламенттин 29-сентябрдагы жыйынында президенттин парламенттеги өкүлүнүн орун басары Анарбек Исмаилов депутат Каныбек Иманалиевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Буга чейин Конституцияны өзгөртүүгө жол ачкан мыйзамды жактап жаткан депутат Канатбек Исаев аталган маселе боюнча 4 жолу тегерек стол өткөнүн айткан. Иманалиев "70ти төрткө көбөйтсөк, орточо 300 адам катышыптыр. 6 миллион кыргызстандыктын тагдырын 300 адам чечиптир" деп билдирип, өлкөдө "Референдум жөнүндө" жаңы мыйзам жок туруп, референдум дайындоонун канчалык мыйзамдуу экенин сурады. Исаев "Референдум жөнүндө" жаңы мыйзам даярдалып жатканын, экинчи окуудан өтүп калганын айтты. Исаев мыйзам долбоорундагы бир сүйлөмдүн маанисин так түшүндүрүп бере албай, "Тексти орусча даярдалса керек, туура эмес которулуп калыптыр. Мен өзүм дагы бир топ каталарды байкадым, булар оңдолот деген ойдомун" деди.

Бүгүн депутат Канатбек Исаев Конституцияга өзгөртүүлөрдүн негизги автору катары айтылып жатат. Бирок өзүнүн жогорудагыдай жооптору аркылуу долбоорду даярдоого активдүү катышпаганын далилдеп жаткансыйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: