ЖЫЛНААМА, 29-СЕНТЯБРЬ: Ырчы KG Эльмурат туулган күнүн достору, үй-бүлөсүнүн курчоосунда белгилейт
Бүгүн, 29-сентябрда ырчы KG Эльмурат 29 жашка толду. Өздүк майрамы менен куттуктап байланышканыбызда, каалоо-тилектер үчүн ыраазычылыгын билдирип, буларга токтолду:
"Майрамдык маанай эң жакшы. Туулган күндү кантип майрамдоо тууралуу азыр план жок. Ырчылардын баары түндөсү концерт, той, ыр жаздыруу менен алек болушат эмеспи. Андыктан кечинде сахналаш досторум, үй-бүлөмдүн курчоосунда белгилейм".
Ал эми "Ким кандай кызыктуу белек берди?" деген сурообузга мындай дейт:
"Келинчегим түрдүү валюта бирдигиндеги акчаларды топтоп, кооз конвертке салып берди. Бул акчаң дайыма көп болсун дегени болсо керек. Аны коротуу үчүн азыр балмуздак алайын деп жатам".
29-сентябрдын жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















Чыгармачылыгынызга ийгилик