super.kg logo

Алыскы Чаткал өрөөнүндө Түшүм майрамы белгиленет

 

Алыскы Чаткал өрөөнүндө Түшүм майрамы белгиленет. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда SUPER.KG порталына Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев билдирди.

"Өткөн жылга салыштырмалуу түшүмдүүлүк быйыл жакшы көрсөткүч берди. Жаз алды менен жаан көп жаап, көп жылдык чөп мол болду. Фермерлер 100 пайызга тоют камдап алышты. Жакында райондогу тажрыйбалуу дыйкандардын өндүргөн түшүмдөрүн эл алдына алып чыгып, Түшүм майрамын белгилейбиз. Мында дыйкандар бардык жер-жемиш, бакча жемиштерин көргөзмөгө алып чыгышат. Учурда фермер, дыйкандар, спортчулар кызуу даярдыктарды көрүшүүдө", - деп билдирди Эшалиев.

Белгилүү болгондой, түшүм майрамынын жүрүшү ат оюндары, улуттук күрөш жана башка спорттук мелдештердин коштоосунда өткөрүлмөкчү. Белгилей кетсек, Чаткал районунда быйыл 3262 гектар көп жылдык, ал эми 1700 гектар табигый чөп талааларынан 30 миң тонна тоют камдалган.

Эске салсак, Түшүм майрамы октябрь айында белгиленет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: