КҮНСЕРЕП: Баш мыйзам тирүүлөй көмүлгөнү калды
Бүгүн, 29-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Бийлик Конституцияны өзгөртүү боюнча планын парламентте күчкө салып ишке ашырууну улантууда. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган документтердин топтомуна кирген "Референдум жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Буга чейин Конституцияны өзгөртүүнү үгүттөп жүргөн КСДПнын лидери Иса Өмүркулов иш сапары менен чет мамлекетте жүргөндүктөн, анын милдети коалициялык көпчүлүктүн лидери жана “Кыргызстан” фракциясынын башчысы Канат Исаевге жүктөлдү. Ага каршылаштар тарабынан курч суроолор берилери белгилүү болгондуктан, анын бир топ тарапташтары сөз сүйлөөгө жазылышты. Мындай сценарийди билип алган “Өнүгүү-Прогресстен” депутат Исхак Масалиев: “Кызыктай жагдай түзүлдү. Авторлор бул жерге чыгып алып бири-бириңерге суроо берип жатасыңар. Документке кол койгонуңардан кийин бул жерде мыйзамды мактап гана турушуңар керек эле”, - деп сынга алды. Талкуунун жүрүшүндө Исаев бир топ суроолорго жооп бере албай жатты. Депутат Аида Салянованын "Конституциянын кайсы беренесинин негизинде өзгөртүү киргизүү демилгеленди?" деген суроосуна ал так жооп бере алган жок. Исаев бир катар беренелерди атады, бирок Салянова ал беренелердин мааниси таптакыр башка экенин айтып, Исаевди долбоорду жакшылап окуп чыгууга чакырды. Депутат Чолпон Жакупова "Референдум жөнүндө" мыйзам долбоору парламенттин Конституциялык комитетинде 1-окууда каралып жатканда 4 эле мүчө добуш бергенин айтып, мындан улам палатанын кароосуна чыгарылбаш керектигин билдирди. Бирок Конституцияны өзгөртүүнү жактаган КСДПнын өкүлү, парламенттин спикери Чыныбай Турсунбеков "долбоор күн тартибине киргизилгени үчүн карап жатабыз" деп кутулду. Кечээ да аталган комитеттин төрайымы Асел Кодуранова ушул сөздү кайталай берген. Мындан тышкары депутат Каныбек Иманалиев Конституцияны өзгөртүү маселеси талкууланган 4 тегерек стол өтүп, ар бирине 70тей адам катышканы үчүн демилгечилерди сынга алды. "Тегерек столдорго орточо 300 адам катышыптыр. 6 миллион кыргызстандыктын тагдырын 300 адам чечиптир" деп нааразычылыгын билдирди. Андан соң Иманалиев азыркы Баш мыйзам тарыхый 3 миссияны ийгиликтүү аткарганын айтып, "дагы 5 жыл өмүрү бар Конституцияны биз бүгүн эле көмүп салдык" деп баса белгиледи. Мындай жүйөлүү сындар бир гана каршылаш тараптан келип жаткан жок. Трибунада турган Исаев өзү да мыйзам долбоорундагы катачылыктарды байкады. Ал документтеги бир сүйлөмдүн маанисин так түшүндүрүп бере албай, "Тексти орусча даярдалса керек, туура эмес которулуп калыптыр. Мен өзүм дагы бир топ каталарды байкадым, булар оңдолот деген ойдомун" деп ишендирди. Ошентип, кызуу талкуу жүрүшүндө көп суроолор жоопсуз калып, айрым депутаттардын долбоордун маңызын түшүнбөй калганына жана котормодогу катачылыкка карабай Жогорку Кеңеш аталган долбоорду 1-окууда жактырды. Эми эгер бул документ калган эки окуудан өтүп, президент ага кол койсо, 4-декабрда референдум өтмөкчү. Белгилүү болгондой, өлкөдө референдум өткөрүүгө 317 миллион сом жумшалат...
Кыргыз Республикасында өзгөчө автоунаа номурлары сатылууда. Мындай номурлар коомчулукта “блатной” же “крутой” деп аталат. Мисалы, кечээ Бишкекте өткөн расмий аукциондо 01 777 ААА деген автоунаа номуру 1 миллион 716 миң сомго сатылып, бүгүнкү күнгө рекорддук сумманы түздү. Буга чейин аукцион аркылуу 01 001 ААА номуру 594 миң сомго, 111 ААА номуру 160 миң сомго, 888 ААА номуру 180 миң сомго, 999 ААА номуру 282 миң сомго сатылган. “Блатной” номурларды сатуу боюнча аукциондорду өткөрүү дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдө кадимки көрүнүш. Кыргыз Республикасы өнүккөн мамлекеттерден калбай, автоунаа номурларын сатуу боюнча аукциондорду өткөрүп, бюджетке башка өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу азыраак болсо да киреше табууда. 2014-жылдан тарта Мамлекеттик каттоо кызматы аукциондордо кимдир бирөөгө тартууну жок кылуу үчүн катышуучулардын аты-жөнүн белгилебей, интернет аркылуу онлайн көрсөтүп баштаган. Өлкөбүздө аукцион аркылуу бир гана автоунаа номурлары эмес, телефон номерлери да сатылып жатканы баарына маалым. Номерлерди мындай ыкма менен сатуу базар экономикасынын “суроо-талап болсо, сунуш болот” деген мыйзамына жараша. Демек, аукциондордогу жогорку ставкалар өлкөдө “крутой” номурларга суроо-талап күчтүү экенин далилдейт. Коомдо 01 777 ААА деген автоунаа номурун сатып алууга кимдин жеке бюджетинде ашыкча 1 миллион 716 миң сом бар экени кызык болууда. Бул адамды эч ким тааный электе эле анын дарегине терс сөздөр айтыла баштады. Өлкөдөгү жумушсуздуктун, экономикалык каатчылыктын, төмөн айлыктардын фонунда мындай ысырапкорчулук, албетте, жарандардын кыжырын келтирет. “Унаа номурларын сатуудан түшкөн каражаттын 91 пайызы республикалык бюджетке, калган 9 пайызы Мамлекеттик каттоо кызматынын бюджетине түшөт”, - дешти аталган мекемеден. Эң негизгиси, ошол акча чын эле казынага түшүп, элдин керегине жумшалсын...


