Атай Өмүрзаков: "Башка өлкөнүн атынан чыгууну туура көргөн жокпуз, андыктан миллион долларлык ири долбоордун ишин токтоттук"

Атай Өмүрзаков ири масштабдагы долбоорун ишке ашыруу үчүн инвестор таба албагандыктан долбоор токтогонун билдирди. Бул тууралуу SUPER.KG`ге билдирген бийчи буларга токтолду:
"3D Шоу" долбоорун ишке ашыруу үчүн канча аракет кылбайлы, инвестор таба алган жокпуз. Ооба, жардам беребиз дегендер болуп жатты. Бир байке акча жагынан аз да болсо жардам берди, кээ бири буюмдарын берип, акчага айлантып алууга шарт түзүп жатты. Өзүбүз тапкан 150 миң доллардай акчабызды сарптадык, бирок баары бир акырына чыгара алган жокпуз. Ушул себептен долбоор боюнча жумушту токтоттук.
Чет элдик инвестор чыкты. Анын айткан шарттарына макул боло алган жокпуз, себеби ал өз өлкөсүнүн атынан чыгууну сурады. Кыргыз болуп, башка өлкөнүн атынан чыгуу биздин эрежебизге туура келбейт, андыктан анын сунушунан баш тарттык. Көп каражат, мээнет, эмгегибиз күйүп кетти. Эми калганын келечек көрсөтөт, мүмкүн, алдынкы 3-4 жылда инвестор табылып калар", - дейт бийчи.
"Бардык колдоо көрсөткөн, жардам берген, биз менен бөлүшкөн, өз пикирин билдирип турган мекендештерибизге ыраазычылык. Мындай колдоо бизге ишеним жана жаңы долбоорлорго мотивация берет. Көбүнчө биз жаңы ийгилик, жеңиштер болгондо өзүбүз тууралуу билдирип турабыз, андыктан жаңы ийгиликтерге чейин", - деп кошумчалады Атай Өмүрзаков.
баракчасынан алынды
Атай Өмүрзаковдон 3D шоу

Сен жардам берип тур Атайга миллион берип, элде жок андай акча. Акчасы барлар Атайды ойлобойтта, алар жаны номерлерди ойлошот, типа 777 ААА деген.
Окмотко намек таштаганы ушулда, каражат жок деп.
Менда кошулам!!!туура айтасын!
Менда кошулам!!!туура айтасын!
ал миллиондор шайлоо алдында жеңешканын счетуна которулуп, бүгүн парламентте отурат.
Элдер айкырган кыйгырган ырларына деле наам алып атышат силерди корбогон силерди колдобогон маданият министирине наалат