Кытай. Хуэйцзе аймагында 16 адамды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Кытайдын түштүк-батыш тарабында жайгашкан Хуэйцзе аймагында 16 адамды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 29-сентябрь күнү таң эрте 6 үйдүн короосунан 16 адамдын жансыз денеси табылган, алардын ичинен үчөө жаш балдар болгон.
"Каза тапкан 16 адам 4 үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. Кылмышка шектүү катары кармалган жаран окуя болгон жерден 200 чакырым алыстыкта жайгашкан Куньмин аймагынан колго түшүрүлгөн. Мындай акылга сыйбаган кадамга барууга эмне түрткү болгону иликтенүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

биздикилер 2жылдан бери Даткайымды ким олтургонун билише элек...кичине Кыргызстандан