Жети-Өгүздөгү токой чарбасынын кызмат адамдары мамлекетке 2,5 миллион сомго жакын зыян келтиришкен
Жети-Өгүздөгү токой чарбасынын кызмат адамдары мамлекетке 2,5 миллион сомго жакын зыян келтиришкен. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, “бийик тоолуу жер” деген жүйө менен аталган мекеменин кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча акча кошулган. Бирок өкмөттүн токтомуна ылайык, Жети-Өгүз райондук токой чарбасынын имараты бийик тоолуу аймакта жайгашкан эмес. Мындан улам мамлекетке 2 миллион 409 миң сом зыян келтирилген. Учурда Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.