super.kg logo

"Жылдын мыкты мугалими-2016" республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

 

"Жылдын мыкты мугалими-2016" республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул сынак 4 номинация менен Бишкек шаарында өткөрүлгөн: "Жылдын мыкты мугалими", "Жылдын мыкты инновациялык мектеби", "Жылдын мыкты бала бакчасы", "Жылдын мыкты айылдык мектеби". Буга чейин сынактын райондук жана облустук этаптары өткөрүлүп, жеңүүчүлөр республикалык сынакка катышууга жолдомо алышкан.

"Жылдын мыкты мугалими-2016" номинациясынын жеңүүчүсү болуп Баткен облусунун Лейлек районунун Набиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалими Бегайым Бегалиева табылды. "Жылдын мыкты инновациялык мектеби" номинациясы боюнча 1-орунду Бишкек шаарынын №68-мектеп-гимназиясы жеңип алган", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Белгилүү болгондой, "Жылдын мыкты бала бакчасы" номинациясы боюнча Чүй облусундагы Сокулук районунун №3-бала бакчасы 1-орунга ээ болгон. Мындан сырткары "Жылдын мыкты айылдык мектеби" номинациясы боюнча 1-орунду Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Дадан Султанов атындагы орто мектеби камсыздаган.

Эскерте кетсек, аталган сынак 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
30.09.2016. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бегалиева Бегайым эжей мени окуткан. Ийгилигиниз кут болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: