super.kg logo

Ош шаарында 175 чакырым жол, 640 көп кабаттуу үй жарыктандырылат

 

Ош шаарына караштуу Жапалак айыл аймагында борбордук көчө жарыктандырылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жапалак айылдык аймагына караштуу Төлөйкөн айылындагы Жолон Мамытов атындагы борбордук көчөнүн түнкү жарыктандыруу системинин ачылышы өткөрүлдү. Төлөйкөн айылында 2 чакырымга жакын жолго 50 даана чырак орнотулуп, жашоочулардын коопсуздугун камсыздоо аракети көрүлгөн", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эл менен жолукканда мэр Айтмамат Кадырбаев: "Ош шаарында 2014-жылы 14 чакырым, өткөн жылы 12,5 чакырым жол түнкү жарык менен камсыздалган. Быйыл бул багытта алгылыктуу иштер аткарылууда. Жалпысынан дагы 175 чакырым көчө жарыктандырылат. Мындан сырткары 2017-жылы шаардагы 640 көп кабаттуу үйдүн айланасына түнкү чырактар орнотулат", - деп билдирген.

Маалым болгондой, түнкү чырактарга жергиликтүү бюджеттен 50 миллион сом каражат бөлүнүп, тендер аркылуу 42 миллион сомго 3021 даана чырак алынып келинген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.09.2016. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Экинчи суротту байкап коргулочу мэр Кадырбаев озунон улуу аксакалдар менен бир колу менен корушуп жатат.Ал эми аксакалдар болсо мэр менен эки колдору м-н корушуп жатышат.Бизде мусулмандарда озунон чон улуу аксакалдар м-н эки колу менен корушуш керек бул деген чондорду сыйлоо.
01.10.2016. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мырзакматов келсе жакшы болмок...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: