super.kg logo

Ошто орусиялык жактоочу токко урунуп каза болду

 
Окуя болгон жер
Орусиялык жактоочу Денис Блаженов

Ошто орусиялык жактоочу токко урунуп каза болду. Бул тууралуу орусиялык маалымат агенттиктеринин бири 29-сентябрда жазды.

Маалыматка караганда, окуя Ош шаарындагы Дене тарбия жана спорт комитетинин жанында болгон.

“Биз тамактануу үчүн сыртка чыгып, жолдо баратканбыз. Дене тарбия жана спорт комитети тараптагы жолду суу каптап жатыптыр. Анан Денис Блаженов тосмонун түбү менен өтүү үчүн темирди кармаган учурда аны ток урду. Жардам берүүгө барган досум да жыгылып түштү. “Тез жардам” кызматкерлеринин ыкчам жетип келгенине карабастан, Денисти сактап кала алган жокпуз. Ал эми берки досум аман калды”, - деди окуянын күбөсү Олег Конев.

Денис Блаженовдун артында аялы жана карыган ата-энеси калды. Ал Свердлов облустук жактоочулар уюмунун мүчөсү болгон. Маркумдун сөөгү 29-сентябрда Красноуфимскиге коюлду.

Айта кетсек, орусиялык жактоочу Денис Блаженов альпинизмге кызыккан достору менен бирге Кыргыз жерине келишкен. Тоодо ойдогудай эс алышкан соң, Орусияга кетүү үчүн Ош шаарына кайтышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
30.09.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Карыган ата энесиби болобу же кырганбы менимче ката жазылган го текст.
30.09.2016. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаман иш болуптур. Карыган дегенди оңдоп койгула кырган болуп калыптыр.
30.09.2016. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ош электр ишканасы жооп берсин эми!
30.09.2016. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Баарына мээси жеткен ошол темирди кармабаш керек экенине мээси жетпей калыптырбы,??Мунун олуму кимге керек эле,политика кылып ийишет эмеспи бир заматта!Ар кимге куноону уруп согуп моюнуна алдырып!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: