super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Атамбаевге каршы команда Темир Сариев менен толукталды

 

Бүгүн, 30-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Темир Сариев премьер-министрликтен кеткенден кийин бир топ убакытка дайынсыз жүрүп, Конституцияга чабуул башталгандан кийин коомчулукка чыкты. Саясаттагы соңку кырдаал аны үн катууга аргасыз кылды десе да болот. 2016-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын майрамдоо күнү "Ала-Тоо" аянтынан президент Алмазбек Атамбаевдин эски командалаштарына карата айткан сөзү Сариевди гана эмес, 2010-жылкы Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрүн да ордунан козгоду. Бүгүн ошол Убактылуу өкмөттүн дээрлик бардык мүчөлөрү президенттин багытын, мөөнөтү бүтүп бараткан жылы кескин өзгөрүп кеткенин, кеп-сөзгө тартууга мүмкүн болбой жатканын ачык айтып, сындап жатышат. Мисалы, депутат Өмүрбек Текебаев иштин көбүн президенттин тегерегиндеги адамдар бүтүрүп жатканын билдирди.

Сариев бүгүн Бишкек шаарында массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, 3 сааттын ичинде ар түрдүү суроолорго жооп берди. Өкмөт башчылыктан ири жаңжалдын коштоосунда кетпеди беле, учурдан пайдаланып журналисттердин алдында дагы бир жолу өзүнүн актыгын айтууга үлгүрдү. Журналисттердин көбүн Сариевдин 2017-жылы өтүүчү президенттик шайлоого катышары же катышпасы кызыктырды, анткени анын премьерликтен кулашын алдыдагы президенттик шайлоого байланыштыргандар көп болгон. "Сариевдин президент болом деген амбициясы бийликтегилерге жакпай калганы үчүн ээрден шыпырышты" деген пикирлер азыр да айтылып жүрөт. Бул тууралуу өзү “Саясатчылардын баары шайлоого даярданып жатышат, алардын катарында мен да бармын. Саясатта көрүнүп калдык. Багытыбызды, өмүрүбүздү саясатка арнадык. Мен 2000-жылы парламентке бизнестен келдим эле, ошондон бери активдүү саясатта жүрөм. Жашым 53тө, дагы 10-15 жыл саясатта жүргөнгө мүмкүнчүлүгүм бар” деген жооп узатты. Президенттикке ат салышуу дымагы бар делген саясатчылар азырынча шайлоого катышарын ачык айтыша элек. "Партиянын саясий кеңеши колдосо көрөбүз", "талапкер болушум же болбой калышым саясий кырдаалга жараша болот" деп үстүртөн жооп берип жатышат. Экс-премьер президенттик жарышка камынып жатканын ачык айтты. Демек, алдыда Сариевди маалымат каражаттарынан байма-бай көрө алабыз. Жарышка эрте камынды. Бүгүнкү журналисттер менен жолугушуп баарлашуу Сариевде тыныгуу бүткөнүн билдирет. Албетте, экс-премьер Конституцияны өзгөртүү аракетине оюн билдирди. Айтымында, башкы юридикалык документти 2020-жылга чейин өзгөртпөө зарыл жана өзгөртүүлөрдү сунуштаган бүгүнкү авторлор - Жогорку Кеңештин 4 фракциясынын лидерлери келечекте жоопко тартылышы мүмкүн. "Бизде жаман адат бар: өзүбүздү өзгөртүүнүн ордуна Конституцияны өзүбүзгө ылайыктап өзгөртөбүз. Келечекте териштирүү жүрүп калса, төрт фракциянын тең лидерлери жоопко тартылышы керек", - деди Сариев. Демек, азыркы бийликке дагы бир ыңгайсыз оппонент жанданды. Президенттик шайлоого даярдык иретинде Сариев дагы эл билбей жаткан бир катар маалыматтарды жаадырышы мүмкүн. "Текебаев менин премьер-министрликтен эмне себептен кеткенимдин бир четин гана айтып берди" деген жообу анын айтчу сөзү көп экенинен кабар берет...

Бир эле сүйлөм адамды бүт Кыргызстанга таанытып коёру убакыт менен тастыкталууда. Жогорку Кеңештин "балык" депутаттарынын бири Гүлшат Асылбаева кечээ коомдун талкуусуна түштү. Анын парламенттик комитетте “өлкөбүздө 8-9 миң сом айлык алгандар бар экенинен абдан шектенем, андай айлык жок" деген билдирүүсү ММКларга жарыялангандан кийин сындардын чабуулунда калды. Асмандан түшө калгансып айткан депутаттын мындай сөзүнө күлөрүн же ыйлаарын билбегендер көп. Асылбаева карапайым элдин жашоосунан такыр алыс экенин өзү билдирип койду. 9 миң сом айлык Кыргызстанда анчалык жаман сумма эмес. 9 миң сомдук жумуш таппаганынан Орусия менен Казакстанга иштегени кеткен мекендештерибиз толтура. Депутат бул турушунда айына 2-3 миң сом айлык алып унчукпай иштеп жаткан кызматкерлерди укса кан басымы көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин 2014-жылкы расмий маалыматына таянсак, өлкөбүздөгү токойчулардын эмгек акысы 900 сомдон башталат. ‎1500-2000 сом маяна алгандары да бар. Иш тажрыйбасы аз, жаш мугалимдердин басымдуу бөлүгү 6-7 миң сомдун тегерегинде айлык алышат. Дарыгерлердин айлыгынын аздыгы да көп жылдан бери ошол эле парламенттен тынымсыз айтылып келе жатат. Элдин чыныгы жашоосунан кабары жок мындай депутаттар элге пайдасы тие турган кандай мыйзамдарды жазары белгисиз. 9 миң сомду акча ордуна көрбөгөн кайдан келген депутат?

Декларациясына көз жүгүртсөк, Гүлшат Асылбаева 2015-жылы 2 миллион 51 233 сом киреше тапкан. Демек, былтыр депутат ай сайын орто эсеп менен 170 миң сомдон жогору киреше тапкан десе болот. Парламентке бизнестен келген. ‎1997-2006-жылдары “Шумкар” акционердик коомунун башкы директору болуп иштесе, ‎2006-2014-жылдары “Кыргыз коньягы” ишканасынын башкы директору кызматын аркалаган. Демек, айлыгы аз эмес кызматтарда турган. Кеп анын алган айлыгынын суммасында эмес, реалдуу жашоодон алыстыгында. Айылдарды кыдырып эл менен жолугушууларды өткөрүп жүргөн депутаттын оозунан мындай кеп чыкмак эмес...






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: