super.kg logo
  Саясат  

Военно-Антоновка айылына коюлган видеокамералар боюнча айдоочуларга 5 миллион сомдук айып пул жазылды

 

Өкмөттө 30­-сентябрда "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңешме өттү.

"Коомчулук жол кырсыктарынын көбөйүшүнөн улам "Коопсуз шаар" долбоорунун ишке берилүүсүн чыдамсыздык менен күтүүдө. Аталган долбоорду иш жүзүнө ашыруу боюнча чечкиндүү кадамдар керектелет. Ошондуктан соттук чечимдерге көз карандысыз түрдө, Бишкек шаарында жергиликтүү бюджеттин эсебинен мурда долбоор алкагында каралбаган, соттук териштирүүлөрдүн предмети катары эсептелген тилкелерде видеокамераларды орнотууну пландаштыруудабыз", - деди премьер­-министр Сооронбай Жээнбеков.

Кеңешмеде Чүй облусунун Военно-­Антоновка айылына орнотулган комплекс мисалга келтирилди, анда комплекс орнотулган соң жол эрежелерин бузуу саны 80 эсеге азайган, кырсыктан каза болгондордун жана жаракат алгандардын саны 7 эсеге азайган. 2016­-жылдын 26­-февралынан бүгүнкү күнгө чейин жол эрежесин бузгандыгы үчүн жазылган айып пулдун суммасы 5 миллион 326 миң сомду түзгөнү айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: