Кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракеттенген жаран кармалды
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрүү пунктунан аткезчилик жол менен жүк өткөрүүгө аракеттенген Кыргыз Республикасынын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Мерседес-Бенц Спринтер унаасынын айдоочусу 1 тонна шекер, 500 килограмм ун жана 105 килограмм макарон алып өтмөкчү болгон. Бирок аталган жүктөр боюнча документтер жок болуп чыккан. Тийиштүү документтер толтурулуп, кармалган жаран Кыргыз мамлекетинин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын аймактык башкармалыгына өткөрүлүп берилгени айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
antimafiya12345

01.10.2016. 10:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ун, кум шекер аткезчилик болсо анда эмнеге таможенной союзга мучо болдук???
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.