super.kg logo

Алмазбек Атамбаев карыларды майрамы менен куттуктады

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-октябрда карыларды майрамы менен куттуктады.

Куттуктоодо булар айтылат:

"Урматтуу мекендештер!

Бул күнү бүт дүйнөдө улуу муундагы адамдарга зор камкордук көрүлүп, маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Чынында, өз ата-энелерибиздин алдында, өз өмүрүн өлкөгө, балдарга, коомго арнаган бардык адамдар алдында баарыбыз жоопкербиз.

Мамлекеттик саясаттын акыбети, коомдун адеп-ыйман деңгээли улуу муундун жашоосунан, карыларга жасалган камкордугунан даана көрүнөт. Кыргызстан элинин улууларга урмат менен жасаган мамилеси, өзгөчө камкордугу - эзелтен келаткан салт. Элибиздин «карысы бардын ырысы бар» деген накыл кеби бир да заманда, бир да күнү маанисин жоготпойт.

Улуу муундан кийинкилер каармандыктын, мекенчилдиктин, чыдамкайлыктын үлгүсүн алууга тийиш. Алар согуштун каарын тартышкан, анын кесепеттерин жоюшкан, завод-фабрикаларды курушкан, мамлекетибизди түптөшкөн. Алар кандай гана оор заман башка түшпөсүн, эч качан багынып беришкен эмес, алар дайыма жаркын келечектен үмүтүн үзбөй, жакшы заман келерине бекем ишенишкен.

Азыр өлкөбүздө 425 миңден ашуун улгайган адам бар, анын ичинен 238 карыя 100 жылдан ашык өмүр сүрүп жатат. Пенсионерлерди жана ардагерлерди ар тараптан колдоо, улууларга камкордук социалдык да, гуманитардык да, мамлекеттик да милдет болуп саналат.

Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу ардагерлер, аталар, апалар, чоң аталар, чоң энелер!

Биз баарыңыздарга дагы эле карызбыз, ар бир улгайган кыргызстандык ар тараптан камкордукка бөлөнүшү үчүн милдеттүү экенибизди сезебиз. Бүгүнкү жаркын майрамыңыздар менен дагы бир жолу чын дилимден куттуктап, жылуу сөздөрүмдү жолдоймун. Өлкөбүздү ийгиликтүү өнүктүрүүгө зарыл болгон сиздердин бай турмуштук тажрыйбаңыздарды жогору баалайбыз жана кажыбас кайраттын, талыбас мээнеткечтиктин жана чыдамкайлыктын үлгүсүн алабыз! Кыргызстандын элинин атынан сиздерге чың ден соолук, бакубаттык тилеймин. Жакындарыңыздын кашында аманчылыкта өмүр сүрүңүздөр".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(20)
01.10.2016. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Президент Атамбаев келиптирби озу же Москвадан куттуктап жатабы!?!?!?
01.10.2016. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
барган окшойт ошого суйлоп атса керек
01.10.2016. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кызык өзү сүйлөдү бекен? Тим эле укмуш сөздөр! Же жанындагылар жазып койду бекен? Деги өзү окуп чыкты бекен? Сак аман эле болсун А.Ш.А! :)
01.10.2016. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kaary, Ушунча жазган сон атын эле атап койсон болмок. Сен Кыргыз Республикасынын президентин сыйлабасан, копчулук элди сыйлабаган болосун. Мен чет жакта журуп башка олконун президенттерин андай мындай десен беттен алышат, президенттери жонундо эч нерсе деп айта албайсын.
01.10.2016. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Namystan, Бай атакебиз копчулукту сыйлап жатабы? Кучко салып конституциябызга ондоо киргизип жатат. Аман болсок коробузго кучко салып законду бузуп конституцияга ондоо киргизгендер жообко тартылсын деген создорду.
01.10.2016. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
anyshka, Кандайча тушунгон жокмун, эч ким кучтолгон жок, ал элге добушка койду, референдум деп коет аны, копчулук макул болсо отот болбосо жок.
02.10.2016. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Namystan, коой референдум деп коебу? Уч окуудан откондой эле кошоматчы тиги бу водитель охраналарыле бутуруп коет ал жагын. Таанышы бар танка дегенди билесинби?
01.10.2016. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Namystan,минус басайын десем плюс басылып кетти кечирип койгула!
03.10.2016. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kaary,алкашпы такыбабы зато президентинер. Ал атайын болуп алган жок. коомго жараша башчы болот. Ажоонорду сыйлабаган элини кантип сыйлайсын?баары Аллахтын колунда кааласа азаптайт кааласа которот, сен эч нерсе кыла албайсын.
01.10.2016. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ага жазып даярдап беришет да
01.10.2016. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Президенттин жаны ооруп жатса мындай куттуктоо соз айтыш оюнда болбосо керек.Бул созду президенттин тегерегиндеки уч адам эле жазып жарыя кылып коёт да.Деги КРга келди бекен президент сагындык келсин эми иштесин.
01.10.2016. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
azamat.k,аз калды деди го кулашына,Мадумаров.тфу,тфу астафуралла. ..
01.10.2016. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бизда куттуктайбыз чон ата чон энелерибизди
01.10.2016. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Карысы бардын ырысы бар.АША өзү жок эми келбесе керек .
01.10.2016. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
завод-фабрикаларды курушкан,биз ошолорду сатып кун коруп жатабыс аталар энелер деп жазыш к.к эле.
01.10.2016. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Президентибиз да 100го чыксын деп тилейм
01.10.2016. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу бизде эмне себептен Каарыган чон ата ,чон энелерибиз жокко эсе , Турктордо 80,90жаштан ашкан кемпир чалдары тим эле тын журушот экен ,Биздеги 60жаштагы Аталар апалардай . Буларда Врач деген укмуш карап , ушунчалык кучтуу экен медицина жашоого умут берип . Бизде Жакшы болбойт ,олот бул же болбосо башка жол жок дешип Больницада карашпайт деле , Бул жакта ииий койчу ар бир адамды керек болсо инсульт болгон адамдарды бутуна тургузуп кое экен.....
01.10.2016. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Президент кайтып келиптир суйунуп жатабыз,кайтып келгендеки жанылыкта талкууну ачып койсонор озуно болбосо да ошол кабарга жакшы калоо тилек жазмакбыз.
02.10.2016. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
azamat.k, кошоматчы болуп кондук.
03.10.2016. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
samidinova84, Namystan, жеке билдирүүлөр купуяга!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: