super.kg logo

Парижде америкалык модель Ким Кардашьянга белгисиз бирөөлөр тарабынан кол салуу болду

 

Белгилүү модель, ар бир чыгуусу менен коомдо ызы-чуу жаратып келген Ким Кардашьянды белгисиз бирөөлөр Париждеги мейманканалардын биринде туткунга алышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 3-октябрда жазып чыгышты. Модель аталган шаарга Мода жумалыгына келген.

"Куралчан, полиция кызматкерлериндей кийинген бет капчан эки эркек бүгүн түндө мейманканада Кардашьян эс алып жаткан бөлмөгө кирип келишип, аны туткунга алышкан. Модель аябай коркуп калган, бирок денесине залал келтирилген эмес", - деп билдирген моделдин жардамчысы. Кол салуу болгонун Кардашьяндын күйөөсү, рэпер Канье Уэст да тастыктаган. Ушул окуяга байланыштуу ал Нью-Йорк шаарындагы концертин токтоткон.

Кийинчерээк, моделди курал менен коркутуп 5 эркек тоногону, анын бир нече миллион долларлык кымбат баалуу жасалга, буюмдарын уурдап кеткени, окуядан эч ким жабыр тартпаганы аныкталган. Окуя тууралуу учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Ким Кардашьян бир нече жылдан бери "People", "Forbes" басылмаларынын аныктамасы боюнча дүйнөдөгү таасирдүү аялдардын катарын толуктап келет. Анын жылдык кирешеси 51 миллион долларды түзөт. "Кардашьяндын үй-бүлөсү" реалити-шоусу ага ийгилик, атактуулук алып келген. Ошондой эле ал өзгөчө ачык кийинүүсү, келбети менен дайыма социалдык тармактарда, коомдо кызуу талкууга алынып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
03.10.2016. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Чын жүрөктөн баарибир.
03.10.2016. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ниетине жараша болотда. Бет дегенден нет болсо
03.10.2016. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Э булардын жашоосуна караганда, менин жулик деген кучугумдун жашоосу кызыктуураак
03.10.2016. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Дагы кобуроок жамбашын рекламаласа,мындан бетер болот.
03.10.2016. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ырас болуптур.....денесин ачып, жыланач журсо кантип боорун орусун
03.10.2016. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аз болуп калыптыр, тыгып-тыгып коюш керек эле да бир жерге :) тамаша
05.10.2016. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekiw.801, ээ брат тыгып койсо деле баарибир ал буткон конченный мырдунун тешиги деле калбаса керек порно звездаго
03.10.2016. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эки кымбат баалуу жамбашын тилип кетсе болмок
KYRGYZJERI түзөттү 2016-10-03 16:05:40
03.10.2016. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Армияндар мактанып жүрчү эле, бул уят кылып коюуп, азыр эч ким деле көнүл бөлбөй калды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: