super.kg logo
  Саясат  

Эркин Сакебаев: "Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши боюнча Шамиль Атахановду кызматтан четтетүү туура эмес"

 
“Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан бошотулуп, өлкөдөн чыгып кетүү фактысын иликтөөчү депутаттык комиссиянын мүчөсү Эркин Сакебаев Батукаев өлкөдөн учуп кеткен учакты тейлеген авиакомпания КРнын Коопсуздук жана коргоо боюнча вице-премьер-министри Шамиль Атахановдун уулуна тиешелүү эмес деп эсептейт. Ал мындай пикирин бүгүн, 16-апрелде журналисттер менен болгон жолугушуусунда билдирди. Айтымында, Батукаев учуп кеткен Челленджер-300 учагын APR авиакомпаниясы тейлейт жана бул компаниянын жетекчилиги депутаттык комиссиянын жыйынына катышат. Сакебаев билдиргендей, комиссия азырынча вице-премьер-министр Шамиль Атахановду кызматтан убактылуу четтетүү сунушун премьер-министрге жөнөтпөй турууну демилгелөөдө. "Эгерде вице-премьер-министрдин уулу Данияр Атаханов “мыйзамдагы уурунун” өлкөдөн чыгып кетүүсүнө тиешеси жок болсо, Шамиль Атаханов жумушунан жөнү жок четтетилип калат",- деп билдирет Сакебаев. Эске сала кетсек, "вице-премьер-министр Шамиль Атахановдун уулу Данияр Атаханов Азис Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетүүсүнө байланышы бар" деп депутаттык комиссиянын курамына кирген “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаев 15-апрелде билдирген болчу.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: