super.kg logo

Улуу тоого чыкпасаңыз да, улар үнүн угуп алыңыз...

 

Интернетке тоо үндүгү аталган улар кушунун тор артында тартылган видеосу тарады. Видеодон анын кубулжута үн салып жатканы байкалат. Бул көрүнүш куштун колго көнгөнүнөн кабар берет. Улуу тоого чыкпасаңыз да, кыстарылган видеодон улар үнүн угуп алсаңыз болот.

Аталган канаттуунун дүйнөдө белгилүү болгон беш түрү бар. Алар: алтай улары, гималай улары, кавказ улары, каспий улары жана тибет улары. Алардын ичинен Кыргыз жеринен гималай уларын кездештирүүгө болот.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигине байланышканыбызда, улардын Кызыл китепке кирбегенин айтышты. Андыктан аларга аңчылык кылууга, кармап келип багууга тыюу салынбайт. 2016-жылдагы маалыматка ылайык, жалпысынан өлкө аймагында 15 928 улар бар. "Тиешелүү кызматтар уларды санап чыгып, бизге маалымат беришет. Санакка көзгө көрүнгөн жана үнү угулган гана уларлар алынган. Көбү санакка кирбей калган болушу мүмкүн, андыктан өлкөдөгү уларлардын саны болжолдуу түрдө 30 миңге чейин жетиши ыктымал", - деп билдиришти аталган агенттиктен.

Кошумчалай кетсек, улар кар алдындагы өсүмдүктөр, бадалдын жалбырактары жана майда курт-кумурскалар менен азыктанат. Ал 15 жумурткага чейин басып, 30 күндө балапан чыгарат.






Улар кушунун үнүн угуӊуздар

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(5)
03.10.2016. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
улардын орусча аталышы кандай болот?
03.10.2016. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улар эле болот. Горная индейка деп да аталат
03.10.2016. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Горная индейка
03.10.2016. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кармап жеш керек экен
04.10.2016. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уа хахахахахаха дейт бутоорго жакын :))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: