Турсунбек Акун: "Кургак учуктан түрмөдө каза болгондор тууралуу Зарылбек Рысалиев туура эмес маалымат берген"
“2 жыл ичинде Кыргызстандын түрмөлөрүндө кургак учук илдетинен 8 жаран каза болгон” деп ЖАМКнын башчысы Зарылбек Рысалиев туура эмес маалымат берген". Мындай билдирүүнү бүгүн, 16-апрелде ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин жыйынында акыйкатчы Турсунбек Акун айтты. “Зарылбек Рысалиев 2 жылда кургак учук оорусунан түрмөдөн 8 адам каза болгондугун айткан, бирок анын орун басары башкача маалымат берди”,- деди акыйкатчы. Эске сала кетсек, 11-апрелде ЖКнын жыйынында ЖАМКнын башчысы Зарылбек Рысалиев 2010-жылдан 2013-жылга чейин түрмөдө 8 жаран кургак учук оорусунун кесепетинен каза болгондугун билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

