super.kg logo

Бишкекте "Алтын түстөгү бий" аттуу акцияда карылар ретро бийин бийлешти (фото)

 
Пионерлер ант беришүүдө
Карыларга жайылган дасторкон
Бекем ден соолук үчүн көнүгүү жасашууда
Түгөй менен бийлөө учуру
Түгөй менен бийлөө учуру. Кары-жаш дебей бийлеп жатышты

Бүгүн, 3-октябрда Бишкектеги Курманжан датканын эстелигинин маңдайында "Алтын түстөгү бий" аттуу социалдык акция уюштурулду. Анын алкагында жардамга муктаж болгон карыларга жана "Ардагер" борборунун улгайган адамдарына алардын жаштык кезин эске салган пионерлер тууралуу сахналаштырылган көрсөтүү коюлуп, 1960-жылдардагы музыка ойнотулду. Анда иш-чаранын бардык катышуучулары ретро бийин бийлешти.

Аталган иш-чаранын уюштуруучусу Римма Султанова буларга токтолду: "Алтын түстөгү бий" аттуу социалдык иш-чара өлкөбүздө улгайган адамдарга арналган айлыктын алкагында өтүп жатат. Максаты - алардын бири-бири менен байланышуусуна шарт түзүү, жалгыздыктан тартып чыгуу. Турмуштун түрдүү кырдаалдарынан улам жалгыз калгандар көп, кимдир бирөө менен байланыштын жоктугу алардын негизги көйгөйлөрүнөн болуп саналат, андыктан бул күнү биз болушунча аларга жакшы маанай тартуулоого, жаштык кезин эстетип, көңүлдүү эс алып кетүүсүнө шарт түзөбүз".

Ал эми акция эмне үчүн "Алтын түстөгү бий" аталганын адамда да алтын курак болорун жана учурдагы алтын күз менен байланыштырганын кошумчалады Султанова.

Ошондой эле "Рио" социалдык бий мектеби карыларга бекем ден соолукта жашоо үчүн атайын көнүгүүлөрдү жасатып, андан кийин баарын бийге чакырып, кызуу бийлеп жатышты.






"Алтын түстөгү бий" социалдык акциясы уюштурулду

"Алтын түстөгү бий" социалдык акциясы уюштурулду (2-бөлүк)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(1)
03.10.2016. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орустар элего!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: