super.kg logo

Турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарга кызмат көрсөтүлдү

 

"Турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарга ылайыкталып ачылган “Аруу дил” борборунда 14 балага кызмат көрсөтүлдү. Алардын жаш курактары 2 жаштан 16 жашка чейин", - деп билдирди Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы.

Борбор Ош облусунун Ноокат районунун Баглан айылында мамлекеттик тапшырыктын негизинде "Өлкөнүн түштүгүндөгү социалдык педагогдордун бирикмесинин өкүлчүлүгү" коомдук бирикмеси тарабынан ачылган. Долбоордун негизги максаты – турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын жатак-мектептерге түшүп калууларынын алдын алуу. Бул үчүн мындай акыбалга түшкөн балдарды аныктоо менен аларга социалдык психологиялык, реабилитациялык жардамдар көрсөтүлөт.

Борбордун жетечиси Шааргүл Шербаеванын айтымында, борбордун кызматкерлери жана балдар менен иш алып барган социалдык багыттагы мекемелердин ортосундагы өз ара кызматташууну күчөтүү үчүн иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

“Биздин борбордо балдардын үй-бүлөлүк курчоодо жашоосу үчүн шарттар түзүлгөн. Бул жерде аларга медициналык, психологиялык, социалдык жана укуктук кызматтар көрсөтүлөт. Ошондой эле социалдык өнүгүү жана айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен биргеликте турмуштук оор кырдаалда калган балдарды ата-энелерине кайтарып берүү үчүн аракеттер жасалып жатат. Биздин долбоордун негизги максаты балдар жатак-мектептерде эмес, өз үй-бүлөсүндө жашоосуна шарт түзүү. Мындан улам алардын ата-энелери менен да сүйлөшүп, эгерде психологиялык же укуктук жардамдарга муктаж болсо, бул кызматтарды көрсөтүүдөбүз”, - дейт борбордун директору Шааргүл Шербаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: