super.kg logo

Ким Кардашьянга болгон кол салуу дүйнөлүк басылмалардын башкы темасына айланды

 

Кечээ, 3-октябрда белгилүү модель, ар бир чыгуусу менен коомдо ызы-чуу жаратып келген Ким Кардашьянды белгисиз бирөөлөр Париждеги мейманканалардын биринде туткунга алып, баалуу буюмдарын тоноп кетишкени маалымдалган эле. Алгач окуянын кандай болгону белгисиз болсо, кийинчерээк маалыматтар чыга баштаган.

Дүйнөлүк басылмалардын билдиргенине караганда, 3-октябрга караган түнү саат 2:30дарда моделге 5 киши кол салып, курал менен коркутуп, аны жуунуучу бөлмөгө камап коюшкан. Андан соң эки "Айфон", 10 миллион еврого барабар буюмдарын уурдап кетишкен. Кээ бир буюмдар моделдики эмес болгон. Ал болгону Мода жумалыгына кийип чыгуу үчүн алып турган. Уурулар кылмыш болгон жайдан велосипедге отуруп кетип калышкан. Полиция кызматкерлери аларды издөөнү улантышууда.

Моделдин жакындарынын айтымында, окуя болгон учурда ал өзүн кармана албай, үйдө аны кичинекей эки баласы күтүп жатканын айтып, коё берүүсүн жалбарып суранган. Бошотулгандан бир нече сааттан кийин Ким тик учак менен мейманканадан чыгып кеткен. Андан аз өтпөй жеке учагы менен Париж шаарынан Лос-Анжелеске учуп кеткен. Интернетте мындай кыжырды кайнаткан окуя кылдат иштелип чыккан спектакль болушу мүмкүн экендиги айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
04.10.2016. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буюмдар озунуку эмес болсо анда озунун ойлоп тапканы да.Тоноп кетти деп озуно алып калыш керек
04.10.2016. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барибир канына тартат да Армянка
04.10.2016. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мен үчүн бул кызды урса да , өлтүрсө да мааниси жок. Кийинип турганы эле жаман экен.
Сирияда канчалаган наристелер бей күнөө өлүп жатат, ал коомчулукту таң калтырбайт. Анан каяктагы бир кызды тоногону коомчулукту таң калтырат. Ошол таң калган коомчулук бузукулукту, жылаңачтанууну жактыргандардан окшойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: