super.kg logo

Аламүдүн районунда жол боюнда кетип бараткан кызды сүзгөн айдоочу мас абалда болгон

 

Аламүдүн районунда жол боюнда кетип бараткан кызды сүзгөн айдоочу мас абалда болгон. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Аламүдүн районунун аймагында 1-октябрь күнү саат 17:30 чамасында орун алган. Анда үлпөт тоюнун кортежинде келаткан Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 18 жаштагы кызды сүзүп кеткен.

"Бул жол кырсыгы тууралуу маалымат аймактык ИИБге түшүп, окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышкан. Бир канча жеринен жаракат алган кыз ооруканага жөнөтүлгөн. Фольксваген Пассат унаасынын 1993-жылы туулган Шааболот аттуу айдоочусу тиешелүү экспертизадан өтүп, мас абалда экени аныкталган. Учурда кыз ооруканада, бул факт боюнча кошумча экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгына жараша юридикалык баа берилмекчи", - деп билдиришти Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.10.2016. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Биринчиси айдоочуну айдоочулук укугунан ажыратуу керек. Экинчиси мыйзам чегинде жазасын алыш керек. Кыргызчылык, келишип алды, томом арыз жазылды деп кылмыш ишин ачпай кою же ачылган кылмыш ишин кыскартууну токтотуп, мыйзам чегинде чара коруу керек... Болбосо кыргызчылык деп Иса Омуркулов, Ирина Карамушкина сыяктуу байлар балдарын, жакындарын акчанын кучу менен жазадан куткарып калып жатат... Колунда жогу турмого, байлар эркиндикте болуп...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: