super.kg logo

Ош облусунда мыйзамсыз курулган соода-сатык жайларын иретке келтирүү боюнча комиссия өз ишин баштады

 

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашовдун буйругунун негизинде, район борборлорундагы жана Ош-Бишкек унаа жолунун жээгинде мыйзамсыз соода-сатык жайларын куруп алган жана өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жарандарга карата атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, комиссиянын курамына райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары-акимдер, жол башкармалыктардын башчылары, укук коргоо органдарынан киргизилди. 3-октябрда комиссия алгачкы отурумга чогулуп, облус башчынын орун басары Ахмаджан Махаммадовдун жетекчилиги астында Араван районунан жумушун баштады. Район борборундагы жана жол жээгинде бардык мыйзамсыз курулуштар менен соода-сатык түйүндөрүн кыдырып, жеринде эскертүү берилди. Протокол түзүлүп, жакынкы убакытта өз каалоосу менен бузуу талабы коюлду. Көзөмөл райондук жана жергиликтүү бийликке калтырылды.

Эми бул багытта акимдер атайын жумуштарды алып барышат. Берилген мөөнөт бүткөн соң кайрадан комиссия жагдайды карап чыгат. Эгерде эскертүүлөргө баш ийбегендер болсо, мыйзам чегинде бардык курулуштар бузулуп, сүрдүрүлөт. Комиссиянын курамы бүгүн да өз жумушун улантып, Ош шаары, Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн, Алай райондорунун кире беришиндеги жол жээктери текшерилет. Мыйзамсыз бардык тараптарга протокол түзүлүп, көзөмөлгө алынат. Комиссия өз ишин жол жээктери жана район борборлору иретке келтирилгенге чейин улантышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: