Чүй облусунда "банкоматтан 405 миң сом акча уурдаган" деген шек менен чет элдик жаран кармалды
Чүй облусунда "банкоматтан 405 миң сом акча уурдаган" деген шек менен чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
“1-октябрь күнү түнкү саат үчтөр чамасында Кант шаарындагы соода борборлорунун биринде банкоматтан 405 миң сом уурдалган. Бул кылмышка шектүү катары изи сууй электе Молдованын 41 жаштагы З.М. аттуу жараны кармалган”, - деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Алдын ала алынган маалымат боюнча, кылмышты жалгыз киши жасаган эмес. Буга чейин уюштурулуп, андан соң ишке ашкан. Кылмышка шектүү окуя болгондон бир күн мурун Казакстандан келип, Бишкектеги мейманканалардын биринде түнөгөн.
Учурда кылмыш иши козголуп, шектүү эки айга камалды. Тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Утуптан издесең, бир бала банкоматта тетрис оюнун запуск кылып ойногон.