super.kg logo

Депутат: "Балдарыбызды үйдө компьютерден чыгара албай жатсак, мектепте планшеттештирип эмне кылабыз?"

 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоо боюнча комитетинин бүгүн, 4-октябрдагы отурумунда депутаттар билим берүү тармагын сынга алышты.

Депутат Максат Сабировдун айтымында, учурда мектеп окуучулары үчүн мыкты аттестат алууга түрткү жок болууда. "Эгер жогорку окуу жайга тапшырыш үчүн жалпы республикалык тестирлөөдөн мыкты көрсөткүч алуу жетиштүү болсо, окуучуга жалаң "5" деген баага окуп жан талашыштын эмне кереги бар? Ошол тестирлөөгө эле даярданып, мектепте окубай жүрсө болот экен да. Эмнеге учурда балдар мектепке барбай жатышат? Себеп ушул маселеде", - деген оюн айтты Сабиров.

Депутат Жылдыз Мусабекова бүгүнкү күндө окуучулардын мугалимдерге болгон мамилеси начар экенин билдирди. "Илгери биз мектепте окуп жүргөндө мугалимдерибизди сыйлачубуз. Азыркы мугалимдерге көп учурда сый-урмат жок болууда. Студент балдарым "ар бир сессияда мугалимдер акча сурашат" дешет. Акча эле берип калдык. Мындай мугалимдер эмнени үйрөтүшөт? Мындан тышкары Билим берүү министрлиги мектеп окуучуларын планшеттер менен камсыздайбыз деп жатат. Балдарыбызды үйдө компьютерлерден жана уюлдук телефондорунан чыгара албай жатсак, аларды мектепте планшеттештирип эмне кылабыз?" - деп нааразычылыгын билдирди Мусабекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
04.10.2016. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Планшет баарында Эле жок да асманда журосунорбу депутаттар?
04.10.2016. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ар кимдин уйундо компьютер жок да.Бул депутаттар озунун жашоосун элдин жашоосуна окшото берет экенда эптеп кун откоргон адамдар да бар.
04.10.2016. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
9 мин сом айлык жок дегендин бир туру да)))
04.10.2016. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айылдарга койуп бергиле керелди кечке планшетте отуруп окушмак беле сабак учурунда чон класска жогорку окуу жайларга тапшырууга даярдык корууго онтойлуу болот беле??ар биринде мумкунчулуктору жок да уйундо деле....А бул депутаттарда баары бар элди да жыргап жашагандай ойлоп жатышат...
05.10.2016. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин убакта планшет эмес домашний телефонду билчу эмеспиз,мага деле бергилечи окуучулук кунго бир кайрылып келейин..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: