super.kg logo

Улуттук филармонияда "Түрксой" элдик аспаптар оркестринин катышуусунда гала-концерт болуп өттү (фото)

 

Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 30-сентябрь күнү "Түрксой" элдик аспаптар оркестри чыгармачыл топтор менен гала-концерт тартуулаган. Концерт Кыргыз Республикасынын, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата уюштурулган. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Концертте түрк тилдүү өлкөлөрдүн фольклордук чыгармалары, салттуу музыкасы жаңырып, элдик композиторлордун чыгармалары аткарылган.

Белгилей кетсек, "Түрксой" элдик аспаптар оркестри "Түрксой" уюмунун башкы катчысынын демилгеси менен 2016-жылы уюштурулган. Оркестрлер тобуна салттуу апсаптарда: комуз, кыл кыяк, курай, домбра, топшур, чаткан, дойра, канун, жетиген жана башка аспаптарда ойной алган музыканттар кирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: