super.kg logo

“Өлкөдө 9 миң сом айлык жок” деген депутат мугалимдерден жана дарыгерлерден кечирим сурады

 

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда депутат Гүлшат Асылбаева мамлекеттик кызматкерлерден кечирим сурады. Буга чейинки отурумда анын “өлкөбүздө 8-9 миң сом айлык алгандар бар экенинен абдан шектенем, андай айлык жок" деген билдирүүсү ММКларга жарыялангандан кийин сындардын чабуулунда калган эле.

“Журналисттер айлыктардын көлөмү тууралуу маселени терең түшүнбөсө да көтөргөнү үчүн аларга ыраазычылык билдирем. 9 миң сом көлөмүндөгү айлык тууралуу айтып жатканымда комитетте минималдуу киреше боюнча маселе каралып жаткан. Бул маселе бюджеттик тармакка байланыштуу эмес болчу. Бюджеттик уюмдарда айлыктар кандай экенин мен жакшы билем. Менин апам өмүр бою дарыгер болуп иштеген, эжелерим мугалим болуп иштешет”, - деп түшүндүрдү депутат.

“Өкмөт медициналык кызматкерлердин жана мугалимдердин айлыктарын кайра карап чыгышы керек. Жакын арада 2017-жылга өлкөнүн бюджети бекитилет. Ошондуктан "чыгашалар" беренесин кыскартуу зарыл. Мен дарыгерлердин, мугалимдердин айлыктарын көтөрүүгө болгон күчүмдү жумшоого аракет жасайм. Мен ишенем, жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн бюджеттен каражат тапса болот”, - деди Асылбаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
04.10.2016. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
менин айлыгым 7300 сомду түзөт
- 10 % под.налог
- 10 % соц.фонд
-1 % проф.союз.
MES түзөттү 2016-10-04 15:19:46
04.10.2016. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жалпы элден, озунун шайлоочуларынан кечирим сурасын
04.10.2016. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Көтөргөнгө кубатыныз жетпейт го калп эле жогоруда айткандай галдирап суйлөп койдуңузда
04.10.2016. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Маданият кызматкерлеринин айлыгы 3000-4000 сом
04.10.2016. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Медсестралардын айлыгы 4000 сом.бир ставка менен иштешет байкуштар.
Уятынар болсо кошуп койсонор боло?
04.10.2016. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
А бизде мектепте пол жуушкандар 1500 дон алышат тушко чейин дагы башкажакты жууп келем деди пол жууган эжеке,,,,эки жердеиштеп 3500 аран алат экен...
04.10.2016. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
бул макалада кечирим сураган созун эч таппадым.
04.10.2016. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Негизи депутаттарга караганда дыйкандар,маданият кызматкерлери,мугалимдер,доктурлар,карапайым эл кобуроок мээнет кылат.
05.10.2016. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Огоо,биздин троллейбустун водителдеринин айлыгы 22000 сом кудайга шугур дейли
05.10.2016. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кантип депутат болуп отурат анда????? Эгер орду менен суйлогонду билбесе? Эжем анан апам иштеген иштейт деп не деп суйлоп койгон )))))))))))
05.10.2016. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кечирим сураган жерин мен таппай койдумбу, же жазылган эмеспи?
05.10.2016. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эжекелер менен уборшицалардын айлыгын которсо болот.медиктердин вобше (врачтардын) айлыгын жуз сом кылса да коптук кылат .аларга кунун тушсо акча деп эле турушат кунуно бир врач беш минден аз холтура кылбай койбойт.чет мамлекетен келген бекер келген даары-дармектерди саатышат жаны жоктор.
05.10.2016. 08:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бирдеме десе эле врачтардын айлыгы деп калат экенбиз азыр ар бир врач бир кундо минимум беш мин сом табат хирургтарды айтпай эле кой.ар бир кирген пациенттен бери дегенде 200 300 сомдон алат за консультацией.гинекология вопще менин аялымдан беш кундо торт мин шыпырып алды анан элестеткиле андайдан эшигинин астында эмне деген адамдар очередте турат.медсестралардыкын которуп врачтардыкын бекер кылыш керек .
05.10.2016. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Врачтардын баары андай эмес менин кыздарымды 1-поликлиникада бекер эле карашчу, гинеколог да бекер караган биринчи каттого тураарда.
Жакында 6-поликлиникага котордум бир приемуна гинеколог 450сом алды 500сом эле алып барган элем кызым курсагы ачканынан 50 сомун иштетип бир нерсе алып берип койдум жегенине, кийин педиатрга кирсем киф чыга эле платный болот деди эже акчам жок кызым тамагы ооруп кыйналып жатат десем эртен акча алып кел карайм деп карабай койду. Туну менен температура болуп чы
05.10.2016. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aytur,Азыр эн жакшы шарт бар Элдик Кабар деген. Ошол дарыгердин аты жонун жазып, сураган акчасын жазып койсон. Болбоду дегенде 2000 долларга тушмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: