Оштогу мейманканалардын биринин 7-кабатынан 1 кыз кулап түшүп, каза болду
Оштогу мейманканалардын биринин 7-кабатынан 30 жаштагы кыз кулап түшүп, каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
“Окуя 2-октябрь күнү саат 18:00 чамасында болгон. Кыз интернет аркылуу таанышкан жигити менен мейманканага келген. Андан соң спирт ичимдиктерин ичишип, экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Кийин кыз жигитин бөлмөдөн чыгарып, көп өтпөй 7-кабаттан кулап түшкөн. Жабырлануучу ооруканадан көз жумган”, - деп айтылат Ош ШИИБинин маалыматында.
Белгилей кетсек, окуя катталган күнү кыздын ким экендиги так аныкталбай, коомчулукка "маркумдун жашы болжолдуу 20 жашта" деп таратылган. Кийин кыздын өздүгү такталып, анын 30 жашта экени аныкталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Интернет аркылуу Таанышып ,сразу гостиницага балее барбы эле ?
Женил ойлуулугунан он гулунун бири ачылбай кете бериптир. ..
Аллахым күнөлөрүн кечирсин.